Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БЕШИК
  • бешик
  • БЕШИК-БОЗ
  • бешикче
 

БЕШИК

 
«Ардактап энем төрөгөн, Ак бешикке бөлөгөн» (эл ыры). Бул — жыгач буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, арча, тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. Билектей жумуру бир кулачтайын кыйып, как жара бөлүп, эки алкак ийилет. Бешиктин төрт бутуна көзөнөк оюлат. Же ал көзөнөктөргө карыштай чабактар (таякчалар) бекитилет. Ага узун-туурасынан сызма тартылат. Ал эми жыгачтын ошондой түрлөрүнөн эле (узундугу бир жарым метр, бийиктиги 0,5 метр) күлтүк үчүн тешик калтырат да, сызмалардын ордуна туташ таякчалар кагылат. Мунун эки алкагы дого сымал ийилген жазы жыгачтардан болот. Эки таманына ашталган карскан жаа өңдүү жыгач анын термелишин жеңилдетет. Бешиктин сабы жумуру жоон жыгачтан тандалат. Муну айрым аймакта «Жорго бешик» дейт. Бул чебер муунакталып, усталар жүк тактадай, сабаа тактадай, боз үйдүн босого таягындай көркөм оюмдарды түшүрүшөт. «Термеле бер, термеле бер, Биз бөлөнгөн арча бешик» (Б. Абакиров). Арча бешик ата-бабадан бери ардакталат, ал жер-жерлерде арбын жасалат.
      Оштук чеберлер кармаган бешиктерде анын жаа сыңары ийилген эки алкагын бириктирип, туташтырып турган капгал жыгачы — кооз оюктарга ээ. Ар бири өзүнчө бөлөк-бөлөк түстөгү боёктор менен боёлот.
      Бешик көчкөндө өңөрүп жүрүүгө шартташкан. Усталар буюмдун андай сын-сыпаттарын сактап, өзүнүн чеберчилигин натыйжалап, үлгүнүн жаңы түрүн ойлоп, аны чыгармачылыкта андан ары өнүктүрүүгө жетишүүдө. Чынында жыгач бешик эч качан сырдалбайт. Ал жалаң жыгачтан жаралып, жердик өзүнүн жекече касиетин өзү гана дааналап көрсөтөт.
      Айрым бешиктердин башкы бөлүгүндө тартмасы болот. Ал бир нече кутучалардан турат. Ага наристенин упчусу, оюнчуктары, жүз аарчысы, чүкөсү, татымалдары жана өздүк буюм-тайымдары сакталат. Бешиктин аяк-баштарында атайын көркөмдүк үчүн чырмак чий кынаптай түшүрүлөт. Акылмандуулукта ойлоштурулуп жасалган бул асыл буюм — бир гана чебердин чыгармачылык түйшүгүнөн жаралган табылгасы эмес. Атадан балага, улуулардан урпактарга сынбай-бүлбөй табарикке, көөнөрбөс белекке берилип келе жаткан нуска.
      Бешик — көпчүлүктүн биргелешкен чыгармасы. Ал жыгылса сынбаган, өңөрсө тең салмакты сактаган, көч үстүндө термелген...
      Бешикке бөлөө салты — элибиздин мыкты каадаларынын бири. Бул расми да ата-энеге кубанычтуу окуяларды күбөлөндүрөт. Төшөнчүсү, жамынчысы, жаздыгы, күлтүгү, шимеги, мончогу, шылдырак оюнчугу — баары толугу бойдон даярдалып, таянеси тарап алып келген. Ымыркай уул болсо «уста болсун» — деп устачылыкка керектүү майда буюмдарды, «билимдүү адам болсун» — деп, калем-кагаз, а кыз болсо «уз болсун» деп ийне, жип, кайчы сыяктуу буюмдарды бешиктин жаздыгына коюшкан. Боорсок, ар түркүн канттан чачыла чачылып, андан соң «көп жашаган, боору бүтүн» байбичелер кемпир баланы бешикке бөлөгөн. Расми бүткөн соң көңүлү агарып, ыраазы болуп кетсин деп байбичеге ак жоолук салышкан. Ушундан улам «Бешик ыры» чыккан.
      Бала бешикке салынган соң ата-эне мүмкүнчүлүктөрүнө жараша айлын чакырып, той берген. Жону жукалар мал союу колунан келбей калса, жакшы тамак жасап, кошуналарын чакырган. «Баласын бешикке салып, бата алды» деп айтылган.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобешик
Множ. числобешиктер
Связанные слова
бала
бешиктеш
бешикче
шимек
Склонение по падежам - "бешик"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бешик
Родительный Чей?бешиктин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бешикке
Винительный Кого?, Что?бешикти
Местный Где?, У кого?бешикте
Исходный Где?, У кого?бешиктен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?бешиктер
Родительный Чьи?бешиктердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бешиктерге
Винительный Кого?, Что?бешиктерди
Местный Где?, У кого?бешиктерде
Исходный Откуда?, От кого?бешиктерден

Получить все переводы слова - "БЕШИК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "БЕШИК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БЕШИК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru