Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БЕШ КЕШТЕ
  • БЕШ КЕШТЕ
 

БЕШ КЕШТЕ

 
«Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө» (Жеңижок). — Бул — өрмөчүлүктө буюмга көркөм түр түшүрүүнүн бир ыкмасы. Өрмөк согуп жатканда жипти сыйдалап илип кетүү. Жүндөн жипти ичке кылып ийрип, чыйрак чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөктү болсо, адаттагыдай эле курат. Анын эни жасалуучу буюмга карай ар кандай келет. Мында өрмөктүн «эришин» актай согуп баратканда уз түрдүү жиптин бирөөсүн үстүңкү эриш жипке илип-чала тыкан байлай барат. Бул кадимки «көптүрмө сайма» менен бүткөндөй көрүнөт. Мында «адыргыны» көтөрүп, «кылычты» согуп, «аркакты» кайра өткөрүп туруп, берки түр жиптерди үстүңкү жипке байлап турат. Өрмөкчүлөр боз үйдүн боо-чууларын, куржунду, ат жабууну, туштукту, шалчаны жана башка ушул өңдүү жасалга буюмдарын аруулата кармай алышат.
      Беш кеште, бул — өрмөкчүлүктүн саймасы. Мындай үлгүнү Түштүк Кыргызстандын Ноокен, Базар-Коргон, Ноокат, Баткен, Кадамжай, Алай, Алай-Куу, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал тарабында жашаган уздар арбын жасашат.

Получить все переводы слова - "БЕШ КЕШТЕ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "БЕШ КЕШТЕ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БЕШ КЕШТЕ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru