Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БЕЛДЕМЧИ
  • БЕЛДЕМЧИ
  • белдемчилүү
 

БЕЛДЕМЧИ

 
«Кызыл, көк көчөт келтирип, Кыпча белге кынаптап, Кыз бурак сенин белдемчиң» (эл ыры). Бул — ургаачылардын бел-ылдый тартынуучу кийими. Анын жердиги тас баркыт, чий баркут, нооту, трайке, лампук өңдүү кездемелерден болуп, этеги көйнөктөй жазы, жогору жагы белге тыкандалып кыпчаланып, ага кашат коюлуп, кийим эки учалуу тигилет.
      Адегенде белдемчини бычып, сырткы тигишин өзүнчө тигип алат да, анан бор менен түшүрүүчү көркөм көчөттү чиет. Бул буюмдун четине «кыял оюмун» үзүндүлөбөй, жазылыгы төрт элидей узун кылып жүргүзөт. Эгер ал «кыял оюму» кызыл өң менен толсо, сыртынан жашыл өңдү айлантып, көчөттү ачуу керек. Мунун этек-көчөтүнүн эни сөөм-карыштан ашпоосу керек. Мында көркөм буюм үчүн кызыл, жашыл, сары, ак жип сырдуу айкалышат.
      Белдемчинин этегине, мурункудан жазы чийим түшүп, ага кызыл-сары өңдү айкалыштырып, анын ичи-сырты «аламончоктолот». Анын жээктерине сайма көчөттөрү түшүп, анан кундуз, көрпө же аң терилери карматылат. Тигилген буюмдун жердиги, тигилиши жана көркөмдүгү аны кийүүчүнүн жашына ылайыкташат. Мисалы, байбичелер кийүүчү белдемчи көбүнчө кебез, жука кийиз, жүн, жаңы же ара тууган козу-улактын өңдөнгөн терилери менен эле ичтелет. Көпчүлүктүн жүзүн өзүнө бура турган бул аруу буюмдун бир нече үлгүлөрү бар. Мунун бели төрт элиден келип, эки өңүрү, этек, жээги жазылыгы нукумдай сайма аркылуу кооздолушу керек. Буга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр «кочкор мүйүздөнүп», ал ич ара көл толкунундай жана дарак бутактуу көрүнөт. Белдемчинин көчөттөрүн берүүдөн мурун абалы эки тарабына кош жээк түшүрүлүп, мунун ортосуна өзүнчө толкун сызыктар берилет. Андан соң көчөт кабыргаланып, балаты бутактанып кетет.
      Белдемчиге да чепкен, кемсел, чыптама сыяктууларга түшүрүүчү сайма көркөм көчөттөрдүн дал өзүндөй кайталанышы ыктымал. Бул буюмдун алардан айырмалуу жагдайы мында сайма көчөттөрүн алдыңкы өңүргө эки эсе эндүү саюуга да болот. Албетте, элдик мындай кийимдерди саймалуу кылып жасоо аны кийүүчү адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө тыгыз байланышкан. Чепкен, кемсел, чыптама, белдемчи өңдүүлөргө жээктей толкун сайма түшүрүп туруп, араларына тегерек чекитче берсе, мында да буюм кооз көрүнөт, «Бадам оюмдун» өзүн эле чебер сайып койгон учурлар бар.
      Белдемчинин негизги саймасынын «жээгине», «көзчө», «ийрек» сайып, үч-төрт элидей кундуз, же ага тете асыл терилерден бастырып, айырмалоо үчүн актан кичине кыйык «күбөлөп», анан сөөмдөй (10, 12 см.) негизги сайма көчөтүн кызыл жиптен түшүрүп, аны сары менен жээктеп, кайра актан көбөөлөп, кайрадан жээгине «көзчө», «ийрек» сайса да болот. Буюмдун эки этегине бутактанып, өзүнчө көчөттүн бир бүтүмүн сары, кызыл өң аркылуу кыялдантып, бадырайта келтирсе да жарайт. Белдемчинин жердиги башка сырт кийимдеринен айырмаланбайт.
      Баатырлардын жоо кийимдеринин бир бөлүгү катары алды жактан тартылып, жоокерчиликте казаттарда аттанганда ичти жана табарсыкты сактоо үчүн да жасалган. Анын жерди металлдан, териден, калың кийизден, көн булгаарыдан болгон.
      Белдемчинин сайма көчөттөрүн жалаң шуру бастыруу аркылуу жүзөгө ашырууга болот. Мында буюмдун өңүрүнүн майда шурулары төрт бурч «тумарча» болсо, этек-жеңдеринде тизилген шурулар «омуртка» өңдүү көчөттөрдөн турат. Буюмду тартынууда анын анча оор сезилбеши үчүн шуру менен түшкөн көчөттөр анча жыш көрүнбөйт.
      Белдемчи бели төрт-беш элидей жазы болсо, адатта, ал топчуланат. Белдин эни тайкы жасалса, боо тагылат. Анын боосу да ычкырдан (ич курдай) көбүнчө кызыл, жашыл, көк, ак өңдөр менен кол учунда чалынат да, башы папиктелип, топ чачыланат. Буюмду шурулап кооздоо жердикке жана анын өңүнө тыгыз байланышат. Азыр уздар белдемчини баркуттан жасап жатышат.
      Адаттагыдай, кундуз жана башка аң терилерин жээктеп туруп анын четине саймадан бир сыйрадан «жээкти» түз түшүрүп алуу керек. Көркөм көчөттүн кош «жээги» жарыш сайылат. Ал көчөттүн элементтери жазыраак, жагалмай канаттанып, тарам-тарам болуп, учтары сүзүшкөн экинчи кабырга көчөт менен айкалышат. Бул көркөмдүктөрдү кайрадан бир сайым «жээк» бөлүп турат. Буюмдун этегинин ортолук көчөтүн айырмалап, анын ажарын ачуу үчүн актан «чычкан изин», же «тап бердирип» (сейрек сайып), анан жагалмай канаттанган көчөттү кайрадан берүүбүз керек.
      Аң терилеринен кош жээк бастырып, анын ортосундагы сөөм-нукумдай жерге түшкөн көчөттөр анча коюланбай, «кыял» оюму сымал же «бадамча оюму» кейиптенип берилсе, албетте, буюмдун жүзү ачылат. Мындай көркөм көчөттөрдү белдемчинин белине берүүгө да болот. «Белдемчи таккан -белине, Пейил жаккан элине» — дегендей, ал көйнөктүн сыртынан тартылат да, чыптама менен бир бүтүмдү түзгөндөй болот.
      Белдемчинин жалаң сайма көчөттөрү менен жыш толгон түрү да бар. Аны «кызыл белдемчи» деп атайт. Бул — кара күрөң баркутка көбүнчө кызыл жипти илме сайма аркылуу саюу аркылуу буюмду жүзүнө чыгаруу. Белдемчи сайманын жээгине «көзчө» же «ийрек» сайып, үч-төрт элидей кундуз өңдүү аң терилерин бастырып, аны айырмалоо үчүн актан кичине «кыйык» күбөлөп, анан сөөм-карыштай негизги сайма көчөтүн кызыл жиптен берип, аны сарыдан «жээктеш» керек. Актан күбөлөп, кайрадан жээгине «көзчө», «ийрек» сайылат. Ошондо кийимдин эки этегине бутактантып өзүнчө көчөттүн бир бүтүмүн сары, кызыл өңдө кыялданта берүүбүз зарыл. Демек, жогорудагы сайма жиптердин өңүн кызыл жип өзүнө оодарып алат.
      Буюм текчеде илинүүчү, Кереге башына же төр ала баканына да илинет. Үйдүн ички жалпы жасалгасы үчүн башка кийим-кечектердей эле мунун да орду бар.
      Жердиги кызылга сайма түшүрсөк ал «Кызыл белдемчи» деп аталат. Мында көз алдыга кемедей бир тартылып кетүүчү кубулушту элестетет. Эгер «Кыргак сайма» менен «Илме сайма» эриш-аркакталса, чачыгына шуру чөгөрүлсө. Көчөттөр суюгураак түшсө, чыптамасы экөө бир бүткөн ойду, буюмдук үлгүнү түзөт. Буга жанда ала жүрүүчү баштык кошулат. Андай «атыр баштыктар» мындан мурун көркөм үлгү катары жасалуучу. «Көөкөр көчөтү» болсо, «илме сайма» жана «кыргак сайма» экөөнүн кыйышуусу аркылуу бүтсө буюм өз жүзүн алат. Анткени, булар биринин кооздугун бири толуктап, мындай караганда «көөкөр көчөтү» үкүсү булаган тебетейди, түтүнү булаган боз үйдү символдоштурат.
      Жердиги кара баркут белдемчи жашы 45—50 жаштардагы ургаачылар кийүүгө шартташкан. Саймаларынын чекесиндеги бастырылган кара күрөң кундуз ошол курактагы адамдарга чакталганын баамдатат. Анын көркөм көчөттөрү ай шоокумданып кетет. Буюм табакчасынын ортосундагы кызыл өң зер буюм ортосуна акак таш чөгөрүлгөнсүп, күрөң кызыл сымалданып, табигый кооздук бергендей туюлат. Бул аттуу-баштуу кийимге көркөм көчөттөрдүн өңү кадимки зумурут баамдалат. Буга жазы кемер курундай түр түшүрүп, буюм этеги күмүш кемер кур көчөттөрү өңдөнүп көрүнөт. Кийим өңүрү кыз-келиндердин элечек кыргагы, күмүш кемери сымалданат.
      Белдемчи бир эсептен — аялдардын төрөп-түшкөндөн кийин белден төмөн тартылуучу сырткы кийими. Белдемчини илгертен эле, келиндин өз энеси кызынын «жээн көрдү» тоюнда тартуулаган. Ошондой эле ал, биринчиден, көчмөн кыргыз аялдары үчүн белин бекем буудуруп, тазалыкты жана ден соолукту сактоочу кийим болсо, экинчиден, той-тамашаларда кооздукка тартынышчу. Ошол себептен, аны саймалап, этегине суусар, кундуз терисинен кармап кооздошкон. Акырында кымча белин келиндерге, ал эми энелерге ар түркүн кыйыктан курап жасашкан. Белдемчи тартынуу азыр кайрадан жанданып баратат.
      Эгер жердиги сары күрөң баркуттан тандалса, ага жашыл өң талаптагыдай жупташат. Ошон үчүн жашыл жиптен эки жолу «суу» салып, ага актан «ийрек» берилсе, анан «куш канат» сайылса, «секиртме сайма» (сирке төктү) жарашат. Белдемчиге берилген көркөм көчөттөрдүн жалпы эни беш элидей (7—8 см) келип, анын четине бир-эки элидей кундуз карматуубуз наркка жатат. Булуңчасына жашылдан сайылган «кош мүйүз» оюмунун элементи жалпы кооздукту өзүнө оодарат.
      Уздар белдемчи жээгине «милте» коюшат. Мунун боосу чалма болот. Бүчүлүк жасоо үчүн кездемени тешкенде, албетте, кийим бузулат. Натыйжада, кемселдин үч жеринде, белдемчинин бир жеринде чалмасы болот да, анын төрт учу «топ чачы» менен чоктолот. Белдемчинин бешманты болот. Ал туюк жака, тегерек жака келет. Демек, жеңинин учуна гана көркөм көчөттөрдү саюубуз тийиш.
      Илгери аялдар өпкө-боорун, белин жылуу кармай турган белдемчини киер эле. Белдемчинин белине карышка жакын кийиз коюп, этегин өтө кеңири кылып бычып, атка мингенде тизени жаап турган.

Получить все переводы слова - "БЕЛДЕМЧИ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "БЕЛДЕМЧИ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БЕЛДЕМЧИ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru