|
АШАР
|
|
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.
|