Меню
Эл-Сөздүк

Төлөм теңдеми

1) Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын жылышын чагылдырган таблица, ведомость. Төлөм теңдеми белгилүү бир мезгил ичинде бир өлкө тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн төлөмдөрдүн жана ошол эле мезгил ичинде башка бир өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөйт. Акча каражаттарынын түшүүсү алардын чыгымдалышынан ашкан төлөм теңдеми активдүү, ал эми карама-каршы келген учурда – пассивдүү деп аталат. Соода балансы төлөм теңдеминин бөлүгү болуп саналат, анда товарлардын таза экспорту, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунан турган күндөлүк операциялар балансын, инвестициялардан кирешелерди, которууларды жана капиталдын агылып чыгуусунан жана агылып кирүүсүнөн турган капиталдын жылышы балансын камтыйт. Эрежедегидей эле, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу жана капиталдын жылышынын сальдосу теңдештирилет;
2) Төлөм теңдеминде өлкөнүн башка өлкөлөр менен белгилүү бир мезгил аралыгындагы тышкы экономикалык операциялары тууралуу суммардык маалыматтар системага салынган түрүндө чагылдырылат.
Көпчүлүгү резиденттер жана резидент эместер ортосунда ишке ашырылган мындай операцияларга товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана кирешелер менен операциялар; ошол өлкөнүн калган өлкөлөргө карата финансылык талаптарына жана милдеттенмелерине байланыштуу операциялар; трансферттер катары классификацияланган (мисалы, тартуулоого тиешелүү) операциялар кирет.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: