Меню
Эл-Сөздүк

Сельский староста

АЙЫЛБАШЫ – КР мыйзамдары боюнча, тийешелүү аймак жашоочуларынын макулдугу менен айылдык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысы болуп дайындалган КР жараны. А. кызмат орду айыл өкмөтүнүн эмгек акысынын чегинде, айыл жана кыштык кеңештеринин чечими боюнча өзалдынча жайгашкан калктуу жайлардын жергиликтүү иштерин ыкчам башкарууну уюштуруу максатында киргизилген. А. калк жашаган жайлардын аймактык өзгөчөлүгү менен карманган каада-салттарын эске алуу менен, айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: