Меню
Эл-Сөздүк

подпись

ж.
1. (действие) кол коюу;
отдать бумаги на подпись кагаздарды кол коюуга берүү;
2. кол;
поставить свою подпись өз колун коюу;
бумага за подписью директора директордун колу коюлган кагаз;
неразборчивая подпись даана эмес кол, окуй албай турган кол.

Подпись

КОЮЛГАН КОЛ – өз колу менен жазылган фамилия, кызматтык документтердин (иликтөө актысы, корутунду) жана укуктук актылардын (мыйзам, башкаруу актысы, сот чечими, келишим) милдеттүү реквизит (белги). Тийиштүү адамдардын К. к-у башка баардык реквизиттер болгон учурда, документтерди жана укуктук актыларды юридикалык күчкө ээ кылат. Эгер адам дене-күч жагынан майыптыгынан, оорусунан же сабатсыздыгынан улам өз колу менен кол коё албаса, анын өтүнүчү боюнча муну башка бир жеке жак (кол берүүчү) жасашы мүмкүн. Анын К. к-у нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Мында бүтүм түзүүчү (же керээз жазуучу) жак өзү кол коё албаганынын себеби көрсөтүлүүсү керек. Техниканын өнүгүшү менен учурда факсимилдик жана электрондук К. к. түшүнүгү пайда болду.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: