Menü
Эл-Сөздүк

народ

м.
эл, калк;
советский народ совет эли;
киргизский народ кыргыз эли;
выходцы из народа эл ичинен чыккандар;
трудовой народ эмгекчил эл;
площади заполнены народом аянт элге толгон.

Народ

ЭЛ – 1) конституциялык укуктун теориясында ошол мамлекеттин аргандай улуттук жалпылыктарга бөлүнүшкөнүнө карабастан, бирдиктүү социалдык-экономикалык жана саясий жалпылыкты түзгөн калкынын баары. Бул мааниде заманбап конституциялар Э. жөнүндө мамлекеттеги «эгемендүүлүктүн алып жүрүүчүсү жана бийликтин жападан жалгыз башаты» катары карайт. «Э» түшүнүгү кандайдыр бир мамлекеттин аймагы менен байланышпаган (бул учурда «Э» аталгысы «улут», «этностук жалпылык» аталгысына түгөйлөш) башкалардан өзгөчөлөнгөн улуттук-маданий жалпылыкты дагы билдирет; 2) элдердин эларалык укук тармагынын субъекти. Э. биринчи жолу 1945-жылы БУУнун Уставында «элдердин тең укуктуулугу жана өзүн өзү аныктоо» принциби бекитилгенинин натыйжасында гана эларалык укуктун жалпы таанылган субъекти болуп калган. Ошону менен бирге эле, ушул убакытка чейин эларалык коомчулук тарабынан жалпы таанылууга жетишкен «Э.» түшүнүгү жок. Эларалык укук эле эмес, этнографиялык адабияттарда дагы бул багыттагы талаштар ХIХ кылымдан бери карай келе жатат. Көпчүлүк аныктамалардын негизинде белгилүү аймакта тарыхый жактан калыптанган, башкалардан тилинин жалпылыгы, салыштырмалуу туруктуу маданий жана дүйнө тааным өзгөчөлүктөрүн таанышкан, ошондой эле өздөрүнүн биримдигин жана белгилүү өз аталышы бар адамдардын жалпылыгы жатат. Иш жүзүндө «Э.» түшүнүгү аркыл учурларда уруу, уруулардын тобу, элдүүлүк, этностук улут, диний жалпылык, тилдик жалпылык дегендерди өзүнө камтыйт.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Народ

Rusça Kırgız
Народ Кыргызстана является носителем суверенитета и единственным источником государственной власти в Кыргызской Республике. Кыргыз Республикасынын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы.
Народ стремится к примирению и преследует одну из самых амбициозных повесток континента для повышения уровня знаний в области информационных технологий. Азыр Руанда улуттук кайра биригүүгө умтулуп, маалымат технологиялары боюнча билимди арттырууга багытталган, Африкадагы эң амбициялуу пландардын бирин ишке ашырууга аракет жасоодо.
Народ Кыргызстана осуществляет их власть непосредственно и через систему государственных органов и органов местного самоуправления на основе настоящей Конституции и законов Кыргызской Республики. Кыргызстан эли өз бийлигин түздөнтүз, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын ушул Конституциянын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: