Меню
Эл-Сөздүк

шыка-

втискивать, плотно набивать, напирать;
тамакка шыка- напичкивать едой;
көп шыкабасаңчы, жегинче жейт очень-то не пичкай, пусть ест, сколько съест;
шыкай толду наполнилось до отказа, битком набито;
шыкайсың жоого ар качак, чыгыша койчу эми эле фольк. ты всё время напираешь на врага, (лучше) теперь померяйся-ка (силами с ним);
ашууга шыкай (или шыкап) барып кондук мы переночевали на самом перевале;
шыкай вплотную;
Ашуу-Төрдүн алкымын шыкай барып коном я подойду вплотную к подножию Ашуу-Тёра и там расположусь.

шыка

этиш. 1. Абдан ныктай салуу, батырымдуу кылып ныктоо, тыгуу; таптоо, ныгыруу. Эски узун мешоктун айрыгын көктөп, аны деңкейтип жумшак топонго шыкап, өзүмдүн боюма теңеп алган элем («Советтик Кыргызстан»). Тоонун карын шамал айдап келип, кокту колотко шыкаган (Каралаев).
2. Зордоп ичирүү, жедирүү; ашыра ичирүү, тойгузуу. Аялдар [Гүлайымга] ого бетер шыкап ичиришет (Бейшеналиев). Ырдабаса шыкагыла бозого (Үмөталиев).
3. Чукул, такай баруу, дал түбүнө жете келүү. Эл ашууга шыкай барып калышты. Ашууну шыкап барып конолу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: