Menu
Эл-Сөздүк

тунар-

меркнуть, темнеть;
көзүм тунарат у меня в глазах темно;
жаткан экен Канышай, көрбөй көзү тунарып стих. лежала, вот, Канышай, глаза её не видят, померкли;
көрбөй көзү тунарып, кызыл өңу кубарып стих. глаза её не видели, померкли, её румяное лицо побледнело.

тунар

этиш. Айлананы боз чалуу, мунарык басуу, мунарыктоо. Кетмен-Төбөнүн аскалуу чокулары тез эле буурулданып тунара баштады (Аалы). Бургак болот мунарык, Жер көрүнбөйт тунарып (Тоголок Молдо).
Көз тунаруу — көз караңгылоо, мунарыктап жакшы көрүнбөө, күүгүмдөнүү. Көзү тунарып эчтеме көрүнгөн жок (Аалы). Ивановдун кубаты кетип, көздөрү тунара баштады (Жантөшев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: