Меню
Эл-Сөздүк

жаныбарлар дүйнөсү

животный мир

ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ

ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ, фауна. «Манас» эпосунда кылымдарды басып өткөн кыргыз элинин тарыхы, дүйнөгө көз карашы, салт-санаасы жана башкалар толгон түшүнүктөрү менен катар табият таануу жаатындагы, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндөгү билимдери орун алган. Ошондой эле элдин чарбачылыгы жөнүндө да маалымат берилет. Эпосто каармандардан кийин түркүн жан-жаныбарларга көңүл көп бурулуп, адамдын жашоо тиричилигинде зор материалдык байлык болгон төрт түлүк малдан баштап, ар түркүн жапайы жан-жаныбарларга, түрдүү мифтик жандыктарга чейин учурайт. Үй жаныбарларынын ичинен жылкы өзгөчө мааниге ээ. Эпосто чагылдырылган жоокердик заманда «ат адамдын канаты» болуп, жылкы минерге унаа, жегенге эт, ичерге кымыз болгон. Ошондуктан, эпосто Аккула баштап баатырлардын көптөгөн тулпарлары жөнүндө айтылат, алардын сын-сыпаттары көркөм баяндалат. Жылкыга байланыштуу алардын жаш өзгөчөлүгүн, өңү-түсүн жана башкалар өзгөчөлүктөрүн туюнткан көп терминдерди жолуктурууга болот, ошондой эле ондогон тулпарлардын энчилүү аттары бар (к. Зоонимдер). Эпосто жылкы баласынан башка уй, топоз, кой, эчки, төө өңдүү төрт түлүк мал жөнүндө кеңири айтылат. Мисалы, Каныкейдин калыңына Жакып жылкыдан баштап төө, уй, кой, эчки кылып толгон мал айдап барат (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Манастын жортуулга чыкканда ок-дары жүктөп жүрө турган Желмаян төөсү бар. Бакай Манастын төөлөрүн кайтарып Семетей чоңоюп, Таласка кайрылып келгенче күтүп жүрөт (Саякбай Каралаевдин варианты ). Эшек, качыр, керик, көк-бука көбүнесе мифтик кейипкерлердин мине турган унаасы катары берилет (Маамытбектин Бозкачыр, Макел-Малгундун Бозкерик, Мадыкандын Көк-Бука жана башкалар) Ошондой эле адамдардын илгертеден ишенимдүү досу ит жана ит төрөсү Кумайык жөнүндө да айтылат. Чыгарманын каармандары ит агытып, куш салышат. Башкы каарман Манастын өзүнө таандык, күчүк кезинде таап алып, Каныкейге бактырган Кумайыгы бар.
Эпосто ошондой эле жапайы айбанаттар жөнүндө да кеңири жана түрдүү кырдаалда баяндалат. Кайберендер тууралуу көбүнчө каармандар көңүл ачып, салбырынга чыкканда аңчылыктын объектиси катары сөз болот. Эпосто кийикке (аркар, кулжа, бугу, марал жана башкалар) мергенчилик кылышат. Каармандар жашаган, көргөн жерлер аларды мекендеген жан-жаныбары, кайберендери менен кооз экендиги айтылат («Будурунда бугу бар», «Адырдан аркар куюлуп»). Мекендеген кайберендин көптүгүнөн ошонун аты менен аталып калган топонимдер да учурайт. Мисалы, Кара-Кулжа. Ал эми Манасчылар куланды көбүнчө тулпарлардын күлүктүгүн мүнөздөө үчүн колдонуп, «куланды кууса куткарбас» деген туруктуу ыр сабы менен беришет. Эпосто арстан, бөрү, көк жал, шер, кабылан, жолборс жана башкалар жырткыч айбандар да кеңири сүрөттөлөт. Алар көбүнчө «Манаста» баатырларга көркөм каражат катары колдонулуп алардын эрдигин, балбандыгын, тайманбастыгын белгилөө үчүн (Арстан Манас, Көк жал эр, Шер Манас жана башкалар), ошондой эле эпосто Манастын кай бир колдоочулары да жырткыч жаныбарлар: көсөө куйрук көк жал бөрү коштоп, кара чаар кабылан капталында чамынып, жолборс менен арстан аны жандап жүрөт. Бул жаныбарлар символ катары кабыл алынган учурлар да бар. Төрөй турган аял шердин, жолборстун жүрөгүнө талгак болушу келечекте баатыр болчу баланын туула тургандыгынын жышааны (Чыйырды Манасты. Арууке Күлчорону төрөрдө). Эпосто Ажайыпкана, анда багытталган жолборс, тайбас, арстан, кабылан, шер өңдүү көптөгөн жырткыч айбанаттар туурасында да айтылат (к. Ажайыпкана). Эпосто парандалардын түркүн түрлөрү, алгыр куштардан суу куштарга, булбулдан таранчыга чейин бар. Парандалардан алгыр куштар өзгөчөлөнүп, каармандарды, окуяларды сүрөттөөдө салыштыруу, эпитет өңдүү көркөм каражаттарды түзүүдө пайдаланылат (к. Алгыр куштар). Булбул, тоту, күкүк, торгой, улар, бөдөнө, кыргоол, үкү, каркыра, турна, куркулдай, карга, жору, кузгун, сагызган, таан жана башкалар көптөгөн ар кандай канаттуулар, ошондой эле каз, өрдөк, чүрөк, аккуу жана башкалар суу куштары жөнүндө да айтылат. Мунун ичинде аккуу өзгөчөлөнүп турат. "Семетейдеги" негизги каармандардын бири Айчүрөк керек учурда аккуу болуп кубулуп уча алат. Булардан башка түрдүү жыландар, бака, суудагы балыктар, түркүн курт-кумурскалар, чымын-чиркейлер жөнүндө да айтылат. Эпосто мифтик-жомоктук жандар да көп учурап, чыгарманын мазмунуна дагы бир өзгөчө түс киргизип турат.
Н. Субанкулов

Котормолордун мисалдары: жаныбарлар дүйнөсү

Кыргызча Орусча
Жазмадагы чындык адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө чейин жетип, анын ой-сезимдерин козгоп, ички дүйнөсү чынында кандай экенин ачыкка чыгарат. Библейской истины достигает внутренней части лица и проникает его мысли и чувства, обнажая то, что он на самом деле находится на внутренней стороне.
Ал жаратылыш дүйнөсү жөнүндө жүрүп жаткан талкуулардагы илимдин үстөмдүгүндө гана эмес, адамзат коомунун табиятындагы үстөмдүгүнөн байкалат. Это отражает не только доминирование науки в обсуждении природного мира, но и его доминирование в мире человеческого общества.
жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен берилген токой чөп чабыктарын, жайыттарды, башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга; использовать рациональным образом лесу сено решений областей, пастбищ и других земельных и лесных ресурсов, сохранение дикой жизни и фауны обитания;
Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар, жапайы жаныбарлар дүйнөсүн аңчылык чарбасын жүргүзүү жолу менен ишке ашырыла турган пайдалануу укугуна ээ болушат. органы управления государственными лесами имеет исключительное право на использование дикой жизни путем организации охотничьих хозяйств.
Жарандык коом өзгөчөлүк дүйнөсү деп Маркс туура байкаганы менен, аны жок кылууга болот же жарандык коомдон кийинки, бир дагы көйгөй жок утопиялык коомду элестетип чоң жаңылышкан. В то время как Маркс был прав, чтобы увидеть гражданское общество как сферу особенность, он был совершенно неправильно думать, что это мог быть отменен, или представить, что бесконфликтной утопия postcivil общества было ничего, кроме гротескной иллюзии.
Кыргыз Республикасынын токой фондусунун бардык аймактарында жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн туруктуу өстүрүү үчүн белгиленген тартипте биотехникалык иш - чаралары жүргүзүлөт. В целях обеспечения устойчивого эволюцию флоры и фауны, в биотехнических мероприятий осуществляется по всей площади лесного фонда Кыргызской Республики в соответствии с установленным порядком.
Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү болушса, бир түрдүү деп эсептелет; Селекционного достижения считается удовлетворении условия подобия, если при рассмотрении особенностей растений умножения, животные с их особенностями являются достаточно похожи.
жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга; рационально использовать лесосек выделенные для рубки, лес сенокошение области, пастбищ и других земель и лесных ресурсов, сохранение дикой жизни и фауны обитания;
Адамдардын кызматташуусу, адам баласы пайда болгонго чейинки жаныбарлар дүйнөсүндө, ошондой эле ар бир адам же топ өзүнчө окчун жашаган алгачкы адамзат доорундагы иш-аракеттерден таптакыр айырмаланат. Человек сотрудничество отличается от деятельности, которые имели место при дочеловеческими условиях в животном и среди изолированных лиц или групп в течение примитивных возрастов.
Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосферанын абасын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Отношения по использованию и охране недр, лесных и водных ресурсов, флоры и фауны, а также атмосферного воздуха регулируются законодательством Кыргызской Республики.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү Кыргызстан элинин турмушу менен иш - аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот. В соответствии с Конституцией Кыргызской Республики, леса, растительный и животный мир должен быть использован в качестве основы для жизни и деятельности народа Кыргызстана и находятся под особой защитой государства.
адамдардын ден соолугун сактоо, айлана - чөйрөнү жакшыртуу жана жапайы жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо таламында, токойлордун жаратылышты коргоочу, сууну жөнгө салуучу, кыртышты сактоочу жана башка пайдалуу касиеттерин сактоону жана күчөтүүнү; сохранение и улучшение охраны природы, регулирование водного режима, охраны почв и иных полезных свойств лесов в интересах охраны здоровья человека, улучшения окружающей среды и сохранения фауны обитания;
Кыргыз Республикасынын аймагында токойдун биологиялык ар түрдүүлүгү мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана аймактык жактан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн камтыган, пайдалануу тартиби чектелген өзүнчө зоналарга бөлүнөт. Биоразнообразие лесов на территории Кыргызской Республики должны быть исключительной собственностью государства и должны быть территориально разделена на отдельные зоны с ограниченным режимом пользования, содержащей биоразнообразия флоры и фауны.
Биз Сорос-Кыргызстан, Евразия, Ага-хан, орус дүйнөсү сыяктуу эл аралык фонддордун, ошондой эле Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин жана дүйнөлүк банктын колдоосу астында китепканалар сакталып калгандыгына жана ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгына сыймыктанабыз. Мы могли бы гордиться, что библиотеки остаются и успешно развиваться, благодаря международных фондов, поддерживающих - Сорос-Кыргызстан, Евразия, Ага-Хана, России мира, а также посольства США в Кыргызстане и Всемирный банк.
Мамлекеттик анчылык фондусу - табигый шарттарда жашаган бардык жапайы жаныбарлар, куштар, сойлоочулар жана жерде - сууда жашоочулар, ошондой эле аңчылык жерлерге көбөйтүү максатында кое берилген жаныбарлар, алар жашаган аймактар кимдин пайдалануусунда эке Государственный охотничьего фонда включает в себя все дикие животные, птицы, рептилии и земноводных, обитающих природной среды страны, а также тех, доведено до охотничьих угодий с целями воспроизводства независимо от формы собственности в области inhabi
Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин жана иштешинин негизи катары пайдаланы Земли, лежащие в ее основе ресурсы, воздушное пространство, леса, растительный и животный мир, и другие природные ресурсы являются собственность КР, должны использоваться в качестве основы жизни и деятельности народов Киргизии и должен иметь специальную з
Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары же өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлар тукумдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан чет өлкөлөрдүн компетенттүү уюмдары менен селекциялык жетишк #ИМЯ?

Котормолордун мисалдары: жаныбарлар дүйнөсү

Кыргызча Англисче
Жазмадагы чындык адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө чейин жетип, анын ой-сезимдерин козгоп, ички дүйнөсү чынында кандай экенин ачыкка чыгарат. Scriptural truth reaches the innermost part of a person and penetrates his thoughts and emotions, exposing what he really is on the inside.
Ал жаратылыш дүйнөсү жөнүндө жүрүп жаткан талкуулардагы илимдин үстөмдүгүндө гана эмес, адамзат коомунун табиятындагы үстөмдүгүнөн байкалат. This reflects not only the dominance of science in discussions of the natural world, but also its domination in the world of human society.
жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен берилген токой чөп чабыктарын, жайыттарды, башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга; to use in a rational way forest hay-making areas, pastures and other land and forest resources, preserving wild life and fauna habitat;
Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар, жапайы жаныбарлар дүйнөсүн аңчылык чарбасын жүргүзүү жолу менен ишке ашырыла турган пайдалануу укугуна ээ болушат. State forest management bodies shall have an exclusive right to use wild life through organization of hunting farms.
Жарандык коом өзгөчөлүк дүйнөсү деп Маркс туура байкаганы менен, аны жок кылууга болот же жарандык коомдон кийинки, бир дагы көйгөй жок утопиялык коомду элестетип чоң жаңылышкан. While Marx was right to see civil society as the realm of particularity, he was quite wrong to think this could ever be abolished, or to imagine that the conflictless utopia of postcivil society was anything but a grotesque illusion.
Кыргыз Республикасынын токой фондусунун бардык аймактарында жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн туруктуу өстүрүү үчүн белгиленген тартипте биотехникалык иш - чаралары жүргүзүлөт. In order to ensure sustainable evolution of flora and fauna, the biotechnical activities shall be carried over the whole area of the Forest Fund of the Kyrgyz Republic according to the established procedure.
Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү болушса, бир түрдүү деп эсептелет; Breeding achievement is considered as meeting the condition of similarity if, with consideration of the plant multiplication peculiarities, the animals with their features are sufficiently similar.
жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга; to rationally use wood-cutting areas allotted for felling, forest hay-making areas, pastures and other lands and forest resources, preserving wild life and fauna habitat;
Адамдардын кызматташуусу, адам баласы пайда болгонго чейинки жаныбарлар дүйнөсүндө, ошондой эле ар бир адам же топ өзүнчө окчун жашаган алгачкы адамзат доорундагы иш-аракеттерден таптакыр айырмаланат. Human cooperation is different from the activities that took place under prehuman conditions in the animal kingdom and among isolated persons or groups during the primitive ages.
Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосферанын абасын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Relations on use and protection of subsoil, forest and water resources, fauna and flora, and atmospheric air shall be regulated by legislation of the Kyrgyz Republic.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү Кыргызстан элинин турмушу менен иш - аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот. In accordance with the Constitution of the Kyrgyz Republic, the forests, flora and fauna shall be used as a basis for life and activities of the people of Kyrgyzstan and shall be under the State's special protection.
адамдардын ден соолугун сактоо, айлана - чөйрөнү жакшыртуу жана жапайы жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо таламында, токойлордун жаратылышты коргоочу, сууну жөнгө салуучу, кыртышты сактоочу жана башка пайдалуу касиеттерин сактоону жана күчөтүүнү; conservation and improvement of nature protection, water regulation, soil protection and other useful properties of forests in the interests of human health protection, improvement of environment and preservation of fauna habitat;
Кыргыз Республикасынын аймагында токойдун биологиялык ар түрдүүлүгү мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана аймактык жактан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн камтыган, пайдалануу тартиби чектелген өзүнчө зоналарга бөлүнөт. Forest biodiversity in the territory of the Kyrgyz Republic shall be an exclusive property of the state and shall be territorially subdivided into separate zones with a limited use regime comprising biodiversity of flora and fauna.
Биз Сорос-Кыргызстан, Евразия, Ага-хан, орус дүйнөсү сыяктуу эл аралык фонддордун, ошондой эле Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин жана дүйнөлүк банктын колдоосу астында китепканалар сакталып калгандыгына жана ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгына сыймыктанабыз. We could be proud that libraries remain and successfully develop, thanks to international funds supporting - Soros-Kyrgyzstan, Eurasia, Aga-Khan, russian world as well as the USA embassy in Kyrgyzstan and world bank.
Мамлекеттик анчылык фондусу - табигый шарттарда жашаган бардык жапайы жаныбарлар, куштар, сойлоочулар жана жерде - сууда жашоочулар, ошондой эле аңчылык жерлерге көбөйтүү максатында кое берилген жаныбарлар, алар жашаган аймактар кимдин пайдалануусунда эке State Hunting Fund comprises all wild animals, birds, reptiles and amphibia inhabiting the country's natural environment as well as those brought to the hunting grounds with the reproduction purposes irrespective of the ownership status of the area inhabi
Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин жана иштешинин негизи катары пайдаланы The land, its underlying resources, air space, forests, flora and fauna, and other natural resources shall be ownership of the Kyrgyz Republic, shall be used as the basis of life and activity of people of Kyrgyztan and shall have special protection of the
Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары же өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлар тукумдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан чет өлкөлөрдүн компетенттүү уюмдары менен селекциялык жетишк - the results of tests conducted on the agreements with legal entities and natural persons of the Kyrgyz Republic or competent organizations of foreign countries on testing of a breeding achievement with which the Kyrgyz Republic is connected by virtue of

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: