Меню
Эл-Сөздүк

Туракжайдын колтийгистиги

ТУРАКЖАЙДЫН КОЛТИЙГИСТИГИ – адамдын жеке конституциялык негизги укуктарынын бири. Жашаган адамдардын эркине каршы туракжайга эч кимдин кирүүгө акысы жоктугун билдирет. Т. к. конституциялык башкы кепилдиги анын сот чечиминин негизинде гана (кечиктирүүгө болбогон учурларда, ошондой эле мыйзамда каралгандарды толук сактоо менен башка тартипте) тинтилүүсү мүмкүн экендигинде турат. Башка баардык учурларда туракжайга өз эркинче кирүүгө коомдук коопсуздукка ачык жана олуттуу коркунучка бөгөт болуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучту болтурбоо үчүн гана жол берилет. Т. к. кепилдиктери өзгөчө кырдаал киргизилгенде же согуштук абал мезгилдеринде гана чектелүүсү ыктымал.

Туракжайдын колтийгистиги

Неприкосновенность жилища

Котормолордун мисалдары: Туракжайдын колтийгистиги

Кыргызча Орусча
Соттун колтийгистиги ошондой эле анын туракжайына, кызматтык жайына, пайдалануучу транспортуна жана байланыш каражаттарына, анын кат-кабарына, ага таандык буюмдарга жана документтерге да жайылтылат. Неприкосновенность судьи распространяется на все его личные и официальные жилых и офисных помещений, его транспортных средств и на его сообщения, его корреспонденции, имущества и документов.

Котормолордун мисалдары: Туракжайдын колтийгистиги

Кыргызча Англисче
Соттун колтийгистиги ошондой эле анын туракжайына, кызматтык жайына, пайдалануучу транспортуна жана байланыш каражаттарына, анын кат-кабарына, ага таандык буюмдарга жана документтерге да жайылтылат. Immunity of a judge shall extend to all of his personal and official residences and offices, to his means of transportation and to his communications, his correspondence, property and documents.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: