КӨТӨРМӨЛӨӨ (СҮРӨМӨЛӨӨ) – мамлекеттин улуттук экономиканы четөлкө атаандаштыгынан коргоого багытталган экономикалык жана укуктук саясаты. Ал атамекендик өнөржайга каржы жагынан колдоо көрсөтүү, экспортко жол ачып, импортту чектөө аркылуу жүзөгө ашырылат.