Меню
Эл-Сөздүк

КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА

«КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА» — библиографиялык көрсөткүч китеп, автору библиограф Ж. Айсаракунова. «Кыргызстан» басмасынан 1983-ж. чыгарылган (184 б.). Ага «Манас» эпосунун жарык көргөн китептери, ал жөнүндөгү адабияттар киргизилип, көрсөткүчтүн 10—13-беттеринен орун алган. «КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ЛЕКСИКАЛАРЫ» [жооптуу редактор Ошпур Мамбет (Артыш), Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1986, 340 б. араб арибинде] — кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили — 1911-жылга (цин-манжур сулалеси кулаган кез) чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан (тароодон) турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт. А. Байтур «Манас» менен «Семетейдин» бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет (33, 41—43-б.). Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат (186— 188-б.). Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып (алтынчы тароодо), А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин (Жусуп Мамайдын айтуусунда) белгилеп, бул каармандын прототиби катары (1124жылдан тартып Түндүк Кытайдан батышка кач кан кидандардын (кара кытайлардын) канзаадасы Элли Тайши (орусча — Елюй Даши) каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин (188-б.) белгилейт. «Манас» эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.
Т. Чороев

Примеры переводов: КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА

Кыргызский Русский
көркөм Художественный.
Кыргызстан жашаш керек. Кыргызстан должен жить.
Кыргызстан банкынын кызматчылары Сотрудники Банка Кыргызстана
Кыргызстан банкынын баяндама берүүсү Отчетность Банка Кыргызстана
Кыргызстан банкын башкарууну уюштуруу Организация управления Банка Кыргызстана
Күндөлүк турмуш, көркөм өнөр жана маданият. Повседневная жизнь, Искусство и культура.
Кыргызстан банкынын мамлекет менен мамилелери Отношения между Банком Кыргызстана и Правительством
«Активдүү студент: Польша-Казакстан-Кыргызстан» Активный студент: Польша-Казахстан-Кыргызстан
Кыргызстан банкынын банктар менен болгон мамилелери Отношения между Банком Кыргызстана и другими банками
Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө үчүн 60 доллар – өтө көп. Для такой маленькой страны, как Кыргызстан, 60 USD это слишком много.
Кыргызстан банкынын жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат. Нахождения Банка Кыргызстана является город Бишкек.
2) мамлекеттик кызматчылардын Кыргызстан калкына берилгендигине; 2) лояльность государственных служащих к народу Кыргызстана;
адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу); литературные произведения (литературно-художественные, ученый, учебные, публицистические и т.п.);
Ишкерлик иш жүзүндө - Кыргызстан үчүн «Демократиялык билим берүү үчүн» Фондунун тажрыйбасы Предпринимательство на практике - опыт Фонда демократического образования в Кыргызстане
(1) Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктан пайдаланышат. Авторы литературных и художественных произведений пользуются исключительным правом.
Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктардан пайдаланышат. Авторы литературных и художественных произведений имеют исключительное право разрешать.
Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, укуктук, динден тышкары, демократиялык республика. Кыргызская Республика (Кыргызстан) является суверенным, унитарным, демократическим государством, построенная на основе правового, светского государства.
Канцелярдык жана кеңселик буюмдар жана куралдар, көркөм чыгармачылык жана окутуу үчүн материалдар жана буюмдар. Письменные и офисные принадлежности и аксессуары, и расходные материалы для искусства и обучения.
Дин тутуу эркиндигине байланыштуу маалыматтар Кыргызстан боюнча издеп табуу тутумдарынын жардамы менен аткарылды. Поиск информации в Кыргызстане, связанных с религиозной свободы было сделано с помощью поисковых систем.
Ар бир адамга адабий, көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылык эркиндиги, интеллектик менчикти коргоо кепилденет. Каждому гарантируется свобода литературного, художественного, научного и технического творчества, защита интеллектуальной собственности.

Примеры переводов: КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА

Кыргызский Английский
көркөм Artistic.
Кыргызстан жашаш керек. Kyrgyzstan must live.
Кыргызстан банкынын кызматчылары Employees of the Bank of Kyrgyzstan
Кыргызстан банкынын баяндама берүүсү Reporting by the Bank of Kyrgyzstan
Кыргызстан банкын башкарууну уюштуруу Organization of management of the Bank of Kyrgyzstan
Күндөлүк турмуш, көркөм өнөр жана маданият. Daily life, Art and Culture.
Кыргызстан банкынын мамлекет менен мамилелери Relations between the Bank of Kyrgyzstan and the Government
«Активдүү студент: Польша-Казакстан-Кыргызстан» Active Student: Poland-Kazakhstan-Kyrgyzstan
Кыргызстан банкынын банктар менен болгон мамилелери Relations between the Bank of Kyrgyzstan and other banks
Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө үчүн 60 доллар – өтө көп. For such a small country as Kyrgyzstan, 60 USD is too much.
Кыргызстан банкынын жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат. The location of the Bank of Kyrgyzstan shall be the city of Bishkek.
2) мамлекеттик кызматчылардын Кыргызстан калкына берилгендигине; 2) allegiance of civil servants to the people of Kyrgyzstan;
адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу); literary works (literary-artistic, scholar, instructional, publicistic, etc.);
Ишкерлик иш жүзүндө - Кыргызстан үчүн «Демократиялык билим берүү үчүн» Фондунун тажрыйбасы Entrepreneurship in practice - experience of the Foundation for Democratic Education in Kyrgyzstan
(1) Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктан пайдаланышат. Authors of literary and artistic works shall enjoy the exclusive right of authorizing.
Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктардан пайдаланышат. Authors of literary or artistic works shall have the exclusive right of authorizing.
Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, укуктук, динден тышкары, демократиялык республика. The Kyrgyz Republic (Kyrgyzstan) is a sovereign, unitary, democratic Republic, constructed on the basis of a legal secular state.
Канцелярдык жана кеңселик буюмдар жана куралдар, көркөм чыгармачылык жана окутуу үчүн материалдар жана буюмдар. Stationery and office supplies and accessories, and supplies for arts and learning.
Дин тутуу эркиндигине байланыштуу маалыматтар Кыргызстан боюнча издеп табуу тутумдарынын жардамы менен аткарылды. Search of information for Kyrgyzstan related to religious freedom was made with the help of search systems.
Ар бир адамга адабий, көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылык эркиндиги, интеллектик менчикти коргоо кепилденет. Everyone shall be guaranteed the freedom of literary, artistic, scientific, and technical creativity, protection of intellectual property.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: