Меню
Эл-Сөздүк

КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ

КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ — дүйнөлүк эпостордо салттык мүнөзгө ээ болгон жомоктук-фантастикалык мотив. Башка элдердин баатырдык эпосторунда К. т. ж. а. ж. мотивдери кыска, схема түрүндө баяндалса, «Манаста» ага кеңири орун берилет. Чоң кубанычты же трагедиялык окуянын болорун билдириши мүмкүн. Мисалы, Манас баатыр төрөлөрдө көргөн кереметтүү түш өзүнчө баян болуп берилет. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын атасы Жакып Алтайга барып эгин айдап, мал багып, кен казып ашкан бай болот. Бир чоң кайгысы баласы жоктугу. Күндөрдүн биринде ал түш көрүп, аны жорутууга элин жыйнайт, баяндайт. Түш жөн гана күнүмдүк окуя эмес, ага көп эл чогулуп кадимкидей той өткөрүлөт. «Ала-Тоо башын жайладым, Мен бир бала барчын бүркүт кармадым» (Саякбай Каралаев, 1. 45),— деп Жакып көргөн түшүн кеңири баяндайт:
Ушул түшүң чын болсо,
Ачылган көт жабылат.
Кара калмак — манжудан
Ажыратып алууга
Бизге бир арстан бала табылат! (Саякбай Каралаев, 1. 45—46).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында кереметтүү түш жомоктук-фантастикалык мотивдер менен кеңири, көркөм сүрөттөлөт. Баласы жок Жакып зарланып, мазар кыдырып жүрөт. Жакып, анын байбичелери Чыйырды, Бакдөөлөт түш көрүшөт. Чыйырдынын түшүнө «алтымыш кулач ажыдаар», Жакыптын түшүнө бөтөнчө куш кирет:
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албай,
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албай (Сагымбай Орозбаков, 1. 47).

Бакдөөлөттүн түшүнө туйгун кирет. Бай Жакып көп мал союп, чоң той берип, элге түшүн баян этет. Түштү эл жоруй албай кыйналат. Акырында Байжигит жоруп, Чыйырды «Ажыдаардай айбаттуу, арыстандай кайраттуу» уул төрөрүн билдирет. Жакып жана анын байбичесинин түшү келечекте элин жоодон коргой турган ашкан баатыр баланын жарык дүйнөгө келерин символдойт. Эпосто Манас өзү да кереметтүү түш көрөт. Түшүнө кылыч, жолборс, куш кирет. Бул кереметтүү түштү өткүр чечен Ажыбай: «Билинди айткан түшүңүз, оңолгон экен ишиңиз, оолуккан экен сизди издеп ойдогу азиз кишиңиз. Кытайдын кыйыны Соорондүктүн уулу Алмамбет кылымдан ашкан эр чыгып, өз элинен кетип, Көкчөгө келип турду деп уктум эле. Жолборс жолдош болгону ошол Алмамбет келип сага кошулат экен» — деп жоруйт. Бул эпизоддон баатырдыгы жана акылы жагынан өзүнө теңдеш эр жүрөктүү, акылман дос издеп, өзүнө барабар жолдош күтүүнү мурдатан эле самап жүргөн Манастын кубанычын көрөбүз. Ошентип, К. т. ж. а. ж. эпосто көркөм поэтикалык ыкма катары милдет аткарат. Эл тыштан басып кирген душмандардан элди-жерди коргой турган ашкан баатырдын төрөлүшүн күтөт. Манас баатыр төрөлө электе эле анын идеялдуу образын эл өзүнүн фантазиясында жараткан.
С. Бегалиев


Примеры переводов: КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ

Кыргызский Русский
1 жана 2. 1 и 2.
Өкмөт жана кино. Правительство и Фильмы
Күтүү жана оңдоо Обслуживание и ремонт
Ислам жана мыйзам Ислам и право
«Кино жана тарых». Фильм и история.
Күрөө жана ипотека Залог и ипотека
АКЧА ЖАНА ИНФЛЯЦИЯ Деньги и инфляция
Бийлик жана саясат Правительство и политика
Мамлекет жана укук. Правительство и право.
Ислам жана адеп-ахлак Ислам и этике
Уюштуруу жана курамы. Учреждение и состав.
Жана мен макул болдум. И я сказал, что да.
Бизнес жана экономика Бизнес и Экономика
Эсеп жана отчеттуулук Учет и отчетность.
Диндер жана ишенимдер. Религии и верования.
Оң жана терс стимулдар Положительные и отрицательные стимулы
Жыйымдар жана төлөмдөр. Платежи и сборы.
Мониторинг жана баалоо; мониторинг и оценка;
Тыянактар жана сунуштар Выводы и Рекомендации
Ислам жана адам укуктары Ислам и права человека

Примеры переводов: КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ

Кыргызский Английский
1 жана 2. 1 and 2.
Өкмөт жана кино. Government and the Movies
Күтүү жана оңдоо Maintenance and repair
Ислам жана мыйзам Islam and Law
«Кино жана тарых». Film and History.
Күрөө жана ипотека Pledge and Mortgage
АКЧА ЖАНА ИНФЛЯЦИЯ MONEY AND INFLATION
Бийлик жана саясат Government and Politics
Мамлекет жана укук. Government and Law.
Ислам жана адеп-ахлак Islam and Ethics
Уюштуруу жана курамы. Constitution and composition.
Жана мен макул болдум. And I said yes.
Бизнес жана экономика Business and Economics
Эсеп жана отчеттуулук Accounting and reporting.
Диндер жана ишенимдер. Religions and beliefs.
Оң жана терс стимулдар Positive and negative incentives
Жыйымдар жана төлөмдөр. Fees and charges.
Мониторинг жана баалоо; monitoring and evaluation;
Тыянактар жана сунуштар Conclusions and Recommendations
Ислам жана адам укуктары Islam and Human Rights

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: