Меню
Эл-Сөздүк

КЕН БАЙЛЫКТАР

КЕН БАЙЛЫКТАР. Манас эпосу кыргыз элинин эзелтен берки тарыхы, маданияты, жашоо тиричилиги жана жеринин географиялык шарты, абалы, чек арасы тууралуу көп маалыматтарды камтыйт. Эпостун элге кеңири белгилүү негизги варианттарында жерден казып алынуучу кендерден алтын, күмүш, жез, темир, коло, калай, коргошун жана асыл таштар жана кеңири сүрөттөөлөр кезигет. Бул кендерди усталар, зергерлер жоокердик турмушка керектүү кийим, курал-жарактарды жасоо жана тиричиликке керектүү буюмдарды (алтын таажы, бакан, кемер жана башкалар) кооздоо үчүн пайдалангандыктары эпосто даана чагылдырылган. Эпосто күмүштөн дилде же жамбы жасалары, ат жабдыктары (ээр, токум, жүгөн, чылбыр, куюшкан ж. 6.) кооздоолору, темирден жоокер кийими (тон, туулга, чопкут жана башкалар), тор аркан жасалары айтылат. Кооз таштардан жасалган асем буюмдар «көөхар», «зумурут» (изумруд), «жубар бермет» деген аттар менен кезигет. Алтай аймагында, Ысык-Көлдө, Таласта алтын кендери болгондугун эпостогу: «Алтын казып, дан айдап, Алтайга келип турабыз» (Курама варианты, 1. 38).
Жердеген адам бай болор,
Түгөнбөс ырыс — кен экен.
Боз мончокчон дөбөгө
Түшүп Манас жер чукуйт,
Эки эли жерин оодарса,
Кебелбес алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл,
Жер соорусу турбайбы, —
Жердеген киши тунбайбы!...(Курама варианты, 1. 74),

«Баатырың жер өлчөгөн чак экен, Бир жерди карыга чейин чукуса, Түбүндө алтын бар экен» (Курама варианты, 1. 110) деген ыр саптардан байкоого болот. Алтын кендеринен башка темир, калай, жез, сурьма жана асыл таштар алынуучу кендер жөнүндө учкай айтылып кетет. Алтын менен асыл таштардан жоокерчиликте колдонулуучу куралдар кооздолгон. Мисалы, Манастын дүрбүсү кандай заттардан жасалганы:
Алтындан кылган сабы бар,
Бой тумар чалыш кабы бар,
Ичин алтын ашаган,
Айнегин көөхар жасаган,
Жакут таштан жардырган,
Артык уста Бөлөкбай.
Айнегине салдырган
Тиктегенде адамды,
Көрсө мээрин кандырган,
Жоону көздөй салдырган,
Жоодон кабар алдырган,
Жолборсуңдун чоң дүрбү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 94),

— деп сүрөттөлөт. Турмуш-тиричиликте жез, колонун кеңири пайдаланылгандыгын жез казандан тартып башка динди туткан элдердин колодон кылган Бурканына чейин айгинелеп турат. Тамакка татытыш үчүн Каркырадагы кенден чыккан тузду пайдаланышат. Эпосто айтылган кен байлыктардын аттары, кен чыккан жерлерди манасчылар өзүлөрүнүн акындык кудуретине, жашаган дооруна жараша көркөмдөп сүрөттөөгө аракеттенишкен.
К. Осмонбетов

Примеры переводов: КЕН БАЙЛЫКТАР

Кыргызский Русский
Пайдалуу кен байлыктар жаткан аянттарда жер тилкелерин курулушка берүү Предоставление земельных участков на территориях с месторождений полезных ископаемых
Пайдалуу кен байлыктар жаткан аянттарда жер участокторун курулушка берүү Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө Мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Предоставление земельных участков для строительства на участках с месторождений полезных ископаемых осуществляется с соблюдением требований, установленных законодательством Кыргызской Республики по недрах.
Ошондой эле концессиялык келишимдин объектилеринин курамына кирбеген, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында же келишимде каралган негиздер боюнча алынган материалдык жана башка байлыктар концессионердин менчигинде болушу мүмкүн. Концессионером может также собственный материал и другие значения вне концессионного соглашения объектов, полученных им по основаниям, предусмотренным законодательством Кыргызской Республики в силу или договором.

Примеры переводов: КЕН БАЙЛЫКТАР

Кыргызский Английский
Пайдалуу кен байлыктар жаткан аянттарда жер тилкелерин курулушка берүү Allocation of Land Plots on Areas with Deposits of Mineral Resources
Пайдалуу кен байлыктар жаткан аянттарда жер участокторун курулушка берүү Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө Мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Allocation of land plots for construction on areas with deposits of mineral resources shall be performed with the observance of requirements established by the law of the Kyrgyz Republic On Subsoil.
Ошондой эле концессиялык келишимдин объектилеринин курамына кирбеген, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында же келишимде каралган негиздер боюнча алынган материалдык жана башка байлыктар концессионердин менчигинде болушу мүмкүн. A concessioner may also own material and other values beyond a concession agreement objects, obtained by him on the grounds provided for by the Kyrgyz Republic legislation in force or by the agreement.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: