Меню
Эл-Сөздүк

КАМАН АЛП

КАМАН АЛП — мифтик каарман. Эпосто дайыма Китен алп, Кутан алп, Манжуу алп сыяктуулар менен бирге жолугат. «Кайчы кулак Каман алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) да «куман» («коман») этноними менен байланыштуу деп айтууга негиз бар.
К. а. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жезтумшук чыңыроо калкынын алпы делет. Көкөтөйдүн ашына чакыртылып, ашка башка алптар менен бирге келгени айтылат: «Дөөкүрсүгөн Чоюн алп, Жору куйрук Жоон алп, Кайчы кулак Каман алп, Киндиги темир Китен алп Жезтумшуктун уругу, Жергеси бөлөк бу бир калк» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107). Саякбай Каралаевдин варианты нда дөөлөр менен согушуп Жолой «Кулагы темир Кутан алп, Маңдайы темир Манжуу алп, Киндиги темир Китен алп, Карагер минген Казан алп, Кайчы кулак Каман алп» бешөөнү байлап алып, эл кылат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Ошол эле учурда К. а. шибээ журтунун алпы делет. Манасты байлап келүүгө Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып Чоң Дөөдүрдү, Жоон алп менен К. аты кошуп жибергендеги согушта Манастын колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 102 — 103).

Примеры переводов: КАМАН АЛП

Кыргызский Русский
каман дикий кабан

Примеры переводов: КАМАН АЛП

Кыргызский Английский
каман wild boar

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: