Меню
Эл-Сөздүк

жөкөр

1. то же, что чоро I;
кыраан Манас жөкөрү - кыргыздан чыккан кырк бөрү витязи кречета Манаса - сорок волков киргизских (см. бөрү 2);
2. ист. женская свита ханши или ханской дочери;
жөкөр келин аркылуу, бат эле үйүр алышкан, кыз, жигит болуп бөлүнүп, тамашаны салышкан фольк. благодаря молодухе из свиты они быстро освоились, парни и девушки разделились и начали веселиться;
3. (чаще жан жөкөр) приспешник;
ак жөкөр (в эпосе) название ружья;
асынды мылтык ак жөкөр фольк. он повесил на себя ружьё;
көк жөкөр то же, что көк жеке (см. жеке II).

ЖӨКӨР

ЖӨКӨР (моңг. нөкөр — жолдош) — эпосто колдонулган мылтыктын аты. «Асынды мылтык Ак жөкөр, Очогор мылтык жонунда» (Сагымбай Орозбаков, 3. 237). Термин мылтыкка карата Ж.—«жанжолдош» деген сөздү өтмө мааниде колдонуудан пайда болгон, башкача айтканда жоокерчилик заманда курал-жарак адамдын коргонууда негизги таянычы болгондуктан, мылтык сыяктуу мыкты куралды урматтап, аздектеп өзүнүн Ж-ү — жан-жолдошу, «ак» эпитетин кошуу аркылуу ак ниет, чыныгы жан-жолдош аташы табигый көрүнүш. Ак Ж-лөр окшогон эпостук мүнөздө берилген курал аттары «Манаста» бир топ: чотала, очогор, алмабаш, жазайыл, төө мылтык жана башкалар Мылтык аттуу куралдын Орто Азия чөйрөсүндө 16-кылымдан бери белгилүү экенин эске алганда ак Ж. сыяктуу эпосто кездешүүчү маалыматтар элдин турмуш чындыгынан алынган деп болжолдоого болот жана ок атуучу куралдар менен кыргыздардын илгертен эле тааныш болгондугунун негизинде «Манас» эпосунан орун алган.

жөкөр

зат.. тар. Баатырлардын же дөөлөттүү, мансаптуу адамдардын бирге жүргөн, бирге жандап жүрүүчү кишилери; жигиттик, чоролук милдет аткаруучу. Кыздардан бөлүп сүйлөшкөн Жанында жеңе жөкөрүн («Мендирман»). Эр Конокбай чоң балбан, Эр Төштүктүн жөкөрү («Эр Төштүк»). Айдарбек өзүнүн жанжөкөрлөрү менен отурат (Жантөшев). Аңгыча болбой байдын дагы бир жан-жөкөрү жетип келди (Абдукаримов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: