Меню
Эл-Сөздүк

Жеке айыптоо

ЖЕКЕ АЙЫПТОО – жабырлануучунун арызы боюнча гана козголуучу жана анын айыпкер менен элдешип алганы үчүн токтотулушу тийиш болгон кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш таризи. Айыптоо жабырлануучунун өзү тарабынан колдоого алынат жана ошон үчүн «жеке» деп аталат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык Ж. а. тартибинде: саламаттыкка атайылып жеңил залал келтирүү; көгала кылуу; ушактоо; шылдыңдоо; психатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткыруу; жарандардын тең укуктуулугун бузуу; адамдын жеке жашоосунун колтийгистигин бузуу; кат алышуунун, телефондо сүйлөшүүнүн, почта, телеграф же башка байланыштардын купуялыгын бузуу; туракжайдын колтийбестигин бузуу; шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын иштерине тоскоолдук кылуу; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; шайлоо, референдум документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес саноо; динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу; аралаш жана автордук укуктарды, патент ээлеринин укуктарын бузуу; мыйзамдуу журналисттик кесипке тоскоолдук кылуу; мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу; коммерциялык же банк сырларын ачыкка чыгаруу; мыйзамсыз камакка алуу же кармап туруу жөнүндөгү иштер каралат. Ж. а. иштери боюнча алгачтергөө жана алдынала тергөө иштери жүргүзүл-бөйт, иш козгоо судья тарабынан (эгер анын жабырлануучу менен үстүнөн арыз түшкөн кишини элдештирүү аракеттери натыйжасыз болсо) ишке ашырылат; жабырлануучу жүйөлүү себептери жок эле сотко келбей койсо, иш токтотулат, ошентсе да соттолуучунун өтүнүчү боюнча жабырлануучунун катышуусу жок эле карала берүүсү ыктымал.

Примеры переводов: Жеке айыптоо

Кыргызский Русский
жеке менчик частная собственность.
Жеке турмушу Личная жизнь
Жеке кардарларга Частным клиентам
Жеке адамдын ысымы Имя лица
жеке камсыздандыруу страхование жизни
Жеке ачкычты даярдоо Подготовка личного ключа
Жеке адамдын жеке мыйзамы частное право физического лица
Мүлктүк эмес жеке укуктар. Личные неимущественные права
Жеке менчиктүү токой жерлери Частные лесные владения
Менин жеке буюмдарым гана бар У меня только личные вещи
Жеке менчик имарат жайларды күтүү Техническое обслуживание индивидуальных помещений
Жеке консультанттарды тандап алуу Отбор индивидуальных консультантов
Мүлктүк эмес жеке укуктарды коргоо Защита личных неимущественных прав
Жеке маалымат эмне үчүн толтурулат? Почему необходимо заполнить личную информацию
Автордун мүлктүк эмес жеке укуктары Личные неимущественные права автора
жеке консультанттар аркылуу тандап алуу. Выбор индивидуальных консультантов.
негизги бөлүгү жеке жана жергиликтүү менчикте Большинство в частном порядке и локально принадлежат
Башка чыгарманы жеке максаттарда кайра чыгаруу Размножение работы кто-то в личных интересах
Жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга берүү Выделение земельного участка в собственность или в пользование
Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын укуктары Права иностранных юридических и физических лиц

Примеры переводов: Жеке айыптоо

Кыргызский Английский
жеке менчик private property.
Жеке турмушу Personal life
Жеке кардарларга
Жеке адамдын ысымы Name of Individual
жеке камсыздандыруу life insurance
Жеке ачкычты даярдоо Preparing private key
Жеке адамдын жеке мыйзамы private law of physical person
Мүлктүк эмес жеке укуктар. Personal Non-property Rights
Жеке менчиктүү токой жерлери Private forest possessions
Менин жеке буюмдарым гана бар I have only things for my personal use
Жеке менчик имарат жайларды күтүү Maintenance of Individual Premises
Жеке консультанттарды тандап алуу Selection of Individual Consultants
Мүлктүк эмес жеке укуктарды коргоо Protection of Personal Non-Property Rights
Жеке маалымат эмне үчүн толтурулат? Why is necessary to fill in the personal information
Автордун мүлктүк эмес жеке укуктары Personal Non-property Rights of Author
жеке консультанттар аркылуу тандап алуу. selection of individual consultants.
негизги бөлүгү жеке жана жергиликтүү менчикте majority privately and locally owned
Башка чыгарманы жеке максаттарда кайра чыгаруу Reproduction of Someone's Work in Personal Interests
Жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга берүү Allocation of the Land Plot into Ownership or for Use
Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын укуктары The Rights of Foreign Legal Entities and Natural Persons

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: