Меню
Эл-Сөздүк

ДУМАНАЕВ

ДУМАНАЕВ Чоробек (1952, Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Эмгек жолун Кыргыз драма театрындагы студиядан окуп бүткөндөн (1975) кийин баштаган. Ж. Садыковдун «Айкөл Манас» — Чубактын, «Манастын уулу Семетей» — Көбөштүн, «Сейтек» драмасында — Сейтектин ролун аткарган. Артист карандай күчтүн ээси, аны-муну көп байкабаган энөө, ишенчээк, ачуусу чукул, кыялы чорт, бирок, ак көңүл, ичине кир сактабаган Чубак баатырдын образын элестүү ачып берген. Д. айрыкча Сейтектин образын ачууда көп эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Эл тилегинин таянычы болгон Сейтектин образынан эл ээсиз, баатырсыз калбайт, зарыл керек учурда эл иши үчүн курман болууга даяр турган чыныгы азаматтар чыга келет деген элдик ишенимди, оптимисттик идеяны көрөбүз. Айрыкча драманын корутундусунда Сейтектин элге ээ болуп, аларды ички жана сырткы душмандардан коргоп туруп калуусу бул образга элдин зор көңүл буруусун белгилейт жана ага берилген адилет баанын далили. Ал эми идеал каармандардын карама-каршысында турган өздөн чыккан жат, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн Көбөштүн образын көрүүчүгө жеткирүүдө да Д. өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин көрсөтө алган.
Ж. Сагынов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: