Меню
Эл-Сөздүк

БООБЕК

БООБЕК — кырк чоронун бири. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта күлүгү он экинчи келген, Б. тагдырына буюрган Аземканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424). Эпосто казактын алчын уруусунан экени айтылат.

БООБЕК

БООБЕК — эпизоддук кейипкер. Манас Алтайда экенинде уруу билермандарынын катарында аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 250). Кийин Көкчө менен Алмамбетти араздаштыргандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: