Меню
Эл-Сөздүк

БОКМУРУН

БОКМУРУН — кейипкер, Көкөтөй байдын баласы (к. Көкөтөй). Саякбай Каралаевдин варианты нда Перинин кызы Айсалкын Төштүктөн тууп, куржунга салып, Көкөтөйдүн төөсүнүн өркөчүнө илип калтырган баланы карыганча бала көрбөй жүргөн Көкөтөй асырап алат.
Т. Герцен. Бокмурун атасы өлгөндө.
Т. Герцен. Бокмурун атасы өлгөндө.
Эпостун бир катар эпизоддоруна көпчүлүк кандардын катарында катышат. «Чоң казатта» Кожожаштын огунан өлөт. Ал көбүнчө атасы Көкөтөйгө берген ашка байланыштуу белгилүү. Эпосто ал эки жактуу мүнөздөлөт. Бир жагынан жоомарт, намыскөй баатыр катары, бир жагынан атасынан калган сансыз байлыкка эсирген, алды-артын байкабаган көпкөлөң байбача катары сүрөттөлөт. Анын өкүмдүгү жер жүзүндөгү кандардын бардыгына:
Бул ашыма келсин де, Бул ашыма келбесе,
Көкөтөйдүн айчыгы алтын кызыл туу,
Үйү үстүнөн көрсүн де (Саякбай Каралаев, 2. 14);
Босогоңду кыйратып,
Боордон бээң туйлатып,
Боз уланың ыйлатып,
Керегеңди кыйратып,
Кериден байтал туйлатып,
Келин-кызың ыйлатып,
Там-коргонуң талкалап,
Кум коргонуң куйкалап,
Тап кушуңдай мырзаңды
Таманга басып жүн кылып,
Тал чыбыктай кыздарың
Даңкайган кара күң кылып...,
Билген ишин кылат де,
Бириңди койбой кырат де! (Сагымбай Орозбаков, 3. 98),

— деп опуза кабар жибергенинен ачык көрүнөт. Алды-артына карабай иш кылган Б. нускалуу атасы Көкөтөйдүн элге бүлүк түшөрүн алдын ала билип аш бербесин деген керээзин аткарбайт. «Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы» болорун билбей, эч кимдин тилин албай, ат туягы жеткен жердеги элдин баарын чакырып аш берет. Кыргыз элин тышкы жоодон коргогон Манас баатырды баалабай, текеберленип, адегенде ашка да чакырбай коёт. Саякбай Каралаевдин варианты нда байдын эрке баласы, дөөлөткө мас, шайкелең Б. атасынын дүнүйөсүн чачып жер кыдырып, кыз тандап, колукту издеп кетет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да күйөөлөп кетип, атасы өлгөндө үстүндө болбойт. Б-дун өрөзгөй аты узакка бала көрбөгөн атасынын көз тийбей өссүн деп ырым кылышына байланыштуу коюлуп калышы мүмкүн (байыркы элдердин ишеними боюнча Б. сыяктуу «жаман» ат берүү ар түрдүү суук көздөрдөн жазгырып, баланын өмүрүн сактап калуунун бир жолу болуп саналган):
Ат коюудан кызганып,
Алда кандай болот деп
Аманат жаным кысталып,
Мурдунан чыгып чимкирик,
Бала койбой чимкирип,
Эркелетип эл жүрүп
Бокмурун болуп атагы,
Атын жакшы койбогон
Атасынын чатагы (Сагымбай Орозбаков, 3. 8).

Бирок, бул ысым анын эсин толук жыя элек ала көөдөн, дөөлөткө мас бала катары сүрөттөлгөн образына шай келишине караганда — шылдыңдуу ылакап ат (прозвище) коюлушу мүмкүн деп ойлоого да түрткү берет.
Р. Сарыпбеков


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: