Меню
Эл-Сөздүк

БАЛБАН КҮРӨШ

БАЛБАН КҮРӨШ — спорт оюнунун бир түрү; эки балбандын белгилүү тартип боюнча жекеме-жеке кармашып күчтүүсү күчсүзүн жыгышы. Б. к. байыртан белгилүү болгон. Ал элдик оозеки чыгармачылыктагы мотив баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда баатыр же балбан кыз менен ага үйлөнүүчү талапкердин жекеме-жеке күрөшүнө байланыштуу чыгышы мүмкүн.
Т. Герцен. Кошой менен Жолойдун күрөшү.
Т. Герцен. Кошой менен Жолойдун күрөшү.
Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн жана күчүн сыноодо көбүнчө салттык үч милдет: ат чабуу, бута атуу, жекече күрөшүү салты мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол байыркы мелдештин түрлөрү белгилүү даражада «Манаста» сакталган. Көкөтөйдүн ашына көп элдин чакырылышы, алардын келиши, кытай, калмак бир, калган эл өз ара биригип салттык мелдештерди өткөргөндүгү кеңири масштабдуулукта баяндалат. Эпостун негизги варианттарындагы (Сагымбай Орозбаков, СК) «Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы» гана эмес, бул чоң казаттын алдындагы кыргыз менен кытай, калмактардын күч сынашуусу. Ошондой эпизоддун бири — Б. к. Саякбай Каралаевдин варианты нда Жолой менен күрөшүүгө киши даабай, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой чыгат. Күрөшүп күч сынашар алдында Манас атайы даярдалган кандагайды алп Кошойго берип, Кошойдон балалуу бол деген бата алат. Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку Б. к-кө кытайлардан түктүү таман Түкүбай, кыргыздардан «бүткөн бою тарамыш, чыканактай эр Агыш» чыгып, байгени кыргыз балбаны жеңип алгандыгы айтылат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча да кытай, калмак тарап күрөшкө Жолой дөөнү салат: «Кедердин уулу Жолой дөө, балбанга чыкты басып жөө». Калк карысы Кошой балбан издеп кыргыздын алптарына, эрлерине кайрылат. Бирок эч кимиси Жолойго даабайт. Манастын өзү дагы «жөө күрөшкө жок элем» деп кемчилигин мойнуна алат. Б. к-кө катагандын кан Кошой чыгат. Бул эпизод этнографиялык багытта айтылганы менен окуя баатырдык пафос менен шөкөттөлгөн. Б. к-түн жүрүшүндө Кошой балбандын «уктап калышы» эпикалык арымы жагынан теңдешсиз айтылган окуя десе болот. Мында Кошойдун балбандыгы, баатырдыгы гана эмес, баарынан мурда бул эпизоддо пластикалык образ көзгө көрүнөт. Жөө күрөштө Жолой балбанды легендарлуу Кошой алп жыгып, кыргыз элинин намысын коргогондугу «Манас» варианттарынын көпчүлүгүндө эмоциялуу поэтизацияланат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
Жалпы журт карап туруптур,
Тоодой Жолой балбанды
Томкоруп жерден алганы,
Көтөрүп жерге уруптур (Сагымбай Орозбаков, 3. 26),— деп сүрөттөлөт.

Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн күрөштүн финалында Жолойду Кошой алптын жыгышы бул бир адамдын эпикалык образы аркылуу бүткүл кыргыз элинин майтарылгыс күчү, жоо бетинде кылар иши берилген. Салттык Б. к-түн финалында алп Кошойдон балбан Жолойдун жыгылышы бул бир адамдын эпикалык терс образы аркылуу баскынчы душман баатырлары канчалык алптын алпы болсо да чечүүчү кырдаалда алардын алсыздыгы, көңдөйлүгү көрсөтүлгөн. Эпостун үлгүсүндө Жолойдун жыгылуусу — жеңилгендикти белгилесе, Кошой алптын Жолойду жыгуусу — анын күчтүүлүгүнүн, нагыз балбандыгынын жана жеңиш ар дайым адилет эл тарабында болорунун ачык-айкын далили. Көптөгөн элдер сыяктуу эле кыргыздарда да Б. к. жана башкалар улуттук оюндар ушул кезге чейин салттык оюн катарында сакталып келе жатат.
С. Алиев

Примеры переводов: БАЛБАН КҮРӨШ

Кыргызский Русский
Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү органдар Ведомства, отвечающие за борьбу с коррупцией
Коррупцияга каршы күрөш жаатында укуктук жөнгө салуу Правовое регулирование в области борьбы с коррупцией
Дүйнөдө азап тартуу менен күрөш болуп турганда, ишибиз бүтпөй турганын биз билебиз. Пока есть страдание и борьба в мире, мы знаем, что наша работа не делается.
“Өнөр-жай төңкөрүшү” же заманбап ишканаларды өнөр-жайлаштыруу – жакырчылыкка каршы багытталган чыныгы күрөш болгон. Настоящая война с бедностью была "промышленная революция" и в-индустриализации современных заводах.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, юридикалык жактардын коррупцияга каршы күрөш боюнча чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги Ответственность руководителей государственных органов, органов местного самоуправления и юридических лиц для непринятия мер по борьбе с коррупцией
Анын үстүнө бул күрөш жазалоо чаралары менен гана коштолбостон, лицензияланган продуктулардын биздин базарда татыктуу орун ээлөөсү үчүн белгилүү бир шарттарды түзүү менен жүргүзүлмөкчү. Этот бой будет вестись не только через наказание, но и путем создания определенных условий, так что лицензированные продукты могут занять свое место на нашем рынке.
токойдун зыянкечтерине, илдеттерине каршы күрөш жүргүзүү боюнча, ошондой эле өнөр жайлык жана коммуналдык - тиричиликтик ыш - түтүн жана башка терс таасирлер келтирүүчү зыяндарды азайтуу боюнча иш - чараларды жүргүзүү жүктөлөт. мероприятия, направленные на контроль вредителями и болезнями леса, а также снизить ущерб, нанесенный лесам на основе промышленного, коммунального и бытового загрязнения и других негативных факторов.

Примеры переводов: БАЛБАН КҮРӨШ

Кыргызский Английский
Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү органдар Agencies responsible for fighting corruption
Коррупцияга каршы күрөш жаатында укуктук жөнгө салуу Legal regulation in the field of fighting corruption
Дүйнөдө азап тартуу менен күрөш болуп турганда, ишибиз бүтпөй турганын биз билебиз. As long as there is suffering and strife in the world, we know that our work is not done.
“Өнөр-жай төңкөрүшү” же заманбап ишканаларды өнөр-жайлаштыруу – жакырчылыкка каршы багытталган чыныгы күрөш болгон. The real war on poverty was the “industrial revolution” and the in-dustrialization of modern factories.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, юридикалык жактардын коррупцияга каршы күрөш боюнча чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги Liabilities of heads of government agencies, local self-governments and legal entities for non-acceptance of measure to fight corruption
Анын үстүнө бул күрөш жазалоо чаралары менен гана коштолбостон, лицензияланган продуктулардын биздин базарда татыктуу орун ээлөөсү үчүн белгилүү бир шарттарды түзүү менен жүргүзүлмөкчү. This fight will be conducted not only through punishment but also through the creation of certain conditions so that licensed products can take its place in our market.
токойдун зыянкечтерине, илдеттерине каршы күрөш жүргүзүү боюнча, ошондой эле өнөр жайлык жана коммуналдык - тиричиликтик ыш - түтүн жана башка терс таасирлер келтирүүчү зыяндарды азайтуу боюнча иш - чараларды жүргүзүү жүктөлөт. activities designed to control forest pests and diseases, and reduce damage inflicted to forests through industrial, communal, and household pollution and other negative factors.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: