Меню
Эл-Сөздүк

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК

«БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ» —Ч. Айтматовдун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» эпосунун жарыкка чыгышына баш сөз иретинде жазган (алгач ирет «Кыргызстан Маданиятына» жарыяланган —1979, 11янв.) макаласы. Макалада «Манас» эпосуна ар тараптуу терең баа берилген. Анда автор кыргыз элинин эпостук чыгармаларынын баа жеткис руханий байлык болуп, алардын туу чокусу улуу «Манас» экендигин, ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатарын белгилейт. Макалада «Манас» эпосу элдин көркөм аң-сезими аркылуу муундан муунга өтүп, жетилип отуруп биздин күнгө туш келгендигин, Улуу Октябр революциясынын жеңиши анын кайра жаралуусуна мүмкүнчүлүк бергенин айтат. Эпостун эң негизги идеясы катары эркиндик идеясы, көз каранды эместик идеясы экендигин көрсөтөт жана эпос гуманизм идеясына сугарылгандыгын белгилейт. Эпостун финалындагы Манастын өлүмүн, кырк чоронун кырылышын «айтып бүткүс трагедия...
А. Асанов. Манас дайым чакырат.
А. Асанов. Манас дайым чакырат.
Шекспирдин талантына шайкеш трагедия» катары баалайт. Эпостогу ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин белгилеп, элдин көркөмдүк фантазиясына өтө жогору баа берет. Макалада эпостун мазмундук жана көркөмдүк гармониясы айрыкча манасчы айтып жаткан учурда даана сезилери айтылат. Музыканы, сөздү, театрды бириктирген гармония аркылуу эпостогу борбордук кейипкерлер гана эмес, эпизоддук деген каармандардын образынын таасын ачылышы да элдин көркөм ойлоо аң-сезиминин өтө бышып жетилгендиги, өнүккөндүгү экендигин көрсөтөт. Автор «Манас» эпосу дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүшкө жатарын айтат. Көркөм ойлоо аң-сезиминин бай жана күчтүү традициясынын негизинде Сагымбай жана Саякбай өңдүү улуу манасчылардын өсүп чыккандыгын белгилеп, Сагымбайдын акындык чеберчилигине өтө жогору баа берет. Автор Сагымбай Орозбак уулун «Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр», — деп баалайт. Макала автордун «Замандан заман өтүп, кыргыз тили жашап тургуча «Манас» биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек» — деген сөздөрү менен аяктайт.
А. Абилов

Примеры переводов: БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК

Кыргызский Русский
кыргыз Кыргызская.
байыркы древний
кыргыз эли кыргызского народа.
Кыргыз Республикасы Кыргызская Республика
Кыргыз банкынын аудити Аудит Банка Кыргызстана
Бишкек, Кыргыз Республикасы Бишкек, Кыргызская Республика
Кыргыз банкынын операциялары Операции Банка Кыргызстана
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ Кыргызская академия образования
Кыргыз банкынын ишин уюштуруу Организация деятельности Банка Кыргызстана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Правительство КР
Кыргыз Республикасынын өкмөтү Правительство КР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Правительство Кыргызской Республики.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Правительство Кыргызской Республики:
Кыргыз банкынын ишинин максаты Цель деятельности Банка Кыргызстана
Кыргыз Республикасынын мыйзамы Закон КР
Кыргыз республикасынын мыйзамы Закон Кыргызской Республики
Кыргыз банкынын негизги милдети Основной задачей Банка Кыргызстана
Кыргыз банкынын баяндама берүүсү Отчетность Банка Кыргызстана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө: Правительство Кыргызской Республики:
720 020 Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Бишкек 720040 Кыргызская Республика

Примеры переводов: БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК

Кыргызский Английский
кыргыз Kyrgyz.
байыркы ancient
кыргыз эли kyrgyz people.
Кыргыз Республикасы Kyrgyz Republic
Кыргыз банкынын аудити Audit by the Bank of Kyrgyzstan
Бишкек, Кыргыз Республикасы Bishkek, Kyrgyz Republic
Кыргыз банкынын операциялары Operations of the Bank of Kyrgyzstan
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ KYRGYZ ACADEMY OF EDUCATION
Кыргыз банкынын ишин уюштуруу Organization of activities of the Bank of Kyrgyzstan
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү The Government of the Kyrgyz Republic
Кыргыз Республикасынын өкмөтү The government of the Kyrgyz Republic
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. the Government of the Kyrgyz Republic.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: The Government of the Kyrgyz Republic shall:
Кыргыз банкынын ишинин максаты Purpose of the activity of the Bank of Kyrgyzstan
Кыргыз Республикасынын мыйзамы The Law of the Kyrgyz Republic
Кыргыз республикасынын мыйзамы The law of the Kyrgyz Republic
Кыргыз банкынын негизги милдети Primary task of the Bank of Kyrgyzstan
Кыргыз банкынын баяндама берүүсү Reporting by the Bank of Kyrgyzstan
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө: The Government of the Kyrgyz Republic shall:
720 020 Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Bishkek 720040 Kyrgyz Republic

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: