Menu
Эл-Сөздүк

сан

сан (анат.), санга
санын чабуу

сан

сан (эсеп), санга
сан атооч
сан багыт (вектор)
сан категориясы (линг.)
сан кол (көп)
сан-сан
сан-сан болуу
сан түйүнү
сан чоңдугу
санда жок

сан

сан (барк), санга

сан

I зат. Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү. Буттарың буура санындай, Мурдагы жаштык барында, Булкушар балбан табылбай (Токтогул). [Адылдын] бели көтөрүлбөй, эки жоон сандын териси тыз-тыз ооруду (Сыдыкбеков).
Куурай сан — арык, илмийген, ичке. Кумурска бел, куурай сан. Санын чабуу — бир нерсеге аябай өкүнүп калуу, кейүү. Итике санын чаап, кейиген кишисинди (Убукеев). — О, кокуй, десе!деди Тойчубек санын чаап (Баялинов). Алты саны аман-эсен — колу-буту чолок эмес, дени сак.
САН II зат.1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан.
  1. 2.                  Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери.
  2. 3.                  грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан.
  3. 4.                  Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков).

Сан атооч — заттардын санын, иретин көрсөтүүчү сөз түркүмү. Миң сан — өтө көп, эсеп жеткис. Баш кошуп миң сан кедей артель болду, Турмуштар өзгөрүлүп, көп оңолду (Элебаев). Заңгырап катар-катар миң сан үйлөр Салынган ар жеринде эчен-эчен (Нуркамал). Сан жеткис — өтө көп, эсеп жеткис. Арсак тоолор көктү көздөй чалкалап, сан жеткис жылдыздар жымыңдайт (Сасыкбаев). Көз жетпеген өрдөштө, Сан жетпеген мал жатат (Осмонов). Сайда саны, кумда изи жок — дайыны чыкпай жоголгон, дареги билинбей кеткен, дарексиз.
САН III: сан-сан болуу — бөлөк-бөлөк болуп жыртылуу же тигишинен сөгүлүп кетүү. Көк дүрүйө көйнөгү, Сан-сан болуп бөлүнүп («Эр Төштүк»).
САН IV зат. Барк, атак-даңк. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числосан
Множ. числосандар
Склонение по падежам - "сан"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?сан
Родительный Чей?сандын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?санга
Винительный Кого?, Что?санды
Местный Где?, У кого?санда
Исходный Где?, У кого?сандан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?сандар
Родительный Чьи?сандардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сандарга
Винительный Кого?, Что?сандарды
Местный Где?, У кого?сандарда
Исходный Откуда?, От кого?сандардан

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: