Меню
Эл-Сөздүк

өч

өч (кек)
өч ал-

өч-

өч-, өчтү, өччү
өчкөн отун тамызуу
өчөр-өчпөс
өчпөс гүл (өсүмдүк)
өчпөс-өлбөс

өч

I зат. Кек, качандыр бир кезде көрсөткөн кордугу, ызасы ж.б. үчүн алынуучу кек. Ашырдан өч алсам дегенде.. [Кайып] ак эткенден так этет (Сасыкбаев). [Анна] Душманга каршы салгылашып, эне-атасы үчүн өч алды (Сасыкбаев).
ӨЧ II этиш. 1. Күйүп турган от, жанып турган шам, жарык ж.б. күйүүдөн, жарык берүүдөн токтолуу. [Жураевдин] маңдайындагы шамы али өчө элек (Сасыкбаев). Түн бою көз ирмебей из караган, Алыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов).
2. Өңү, түсү мурдагыдай болбой азуу, оңо баштоо. бир нерсенин бетине түшкөн из, так, жазуу ж.б. эскирип, сүрүлүп жок болуу, билинбей калуу. Өңү өчүп, күзгү гүлдөй болуп калды, Күлшайы буралган кыз тал чыбыктай (Осмонов). Ураган дубалдарга өчпөсүн деп, Жеңишти, жоокер атын жаза-жаза (Үмөталиев). Жылдар өтө берет, Кумдар көчө берет, Издер өчө берет (Сасыкбаев).
3. өт. Каза болуу, дүйнөдөн кайтуу, ажал жетүү. Артынан күйөөсүнүн Гүлнар жеңе, Жалп этип жел үйлөгөн шамдай өчтү (Үмөталиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: