Меню
Эл-Сөздүк

эз

этиш. 1. Эрий турган же суюла турган заттарды сууга ж. б. суюктуктарга салып эритүү; суюктукка айландыруу; былжыраган, илээшкен абалга келтирип мыжуу, мыжыгуу. Сүзмө эзип чалап жасады (Сасыкбаев). Жаан кирпичтерди эзип кетти (Жантөшев).
2. Бирөөнү малай, кул катары жумшоо, ага эркиндик бербей эксплуатациялоо. Абыке, Көбөш элди эзет («Манас»). Кыргызды жан алгычтар далай эзген, Заардуу тил, ажал огу көкөй кескен (Турусбеков).
3. өт. Сөздү майдалап, көбөйтүп сүйлөө; тантуу, маңыздануу. Так сүйлө куру бекер сөзүң эзбей (Үмөталиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: