Меню
Эл-Сөздүк

чөк

чөк: (орулг. эгин жөн.)
чөк таштоо

чөк

чөк: (оюнда)
чөк байтал

чөк

чөк (сырд.)
чөк түш- (чөкөтүш- эмес)

чөк-

чөк-, чөгөт, чөккөн

чөк

I зат. Көбүнчө орулган эгиндердин, куурайдын ар кайсы жерге топ-топ тесте кылып коюлгандагысы. Бурулчанын оруп, чөк таштап кетип бара жаткан буудайларын бат эле боолап жибердик (Баялинов).
ЧӨК II этиш. 1. Тизелерин бүгүп жатуу (көбүнчө төөгө карата). Көкөтөйгө келгенде, Чөгүп берди кызыл нар («Эр Төштүк»),
2. Суунун же кандайдыр бир суюктуктун түбүнө түшүп кетүү, батып көрүнбөй калуу.
3. өт. Өтө карып, көбүнчө баспай отуруп калуу. Чөгүп калган абышка.
4. өт. Чөмүлүү, батуу (мисалы, ойго, санаага). [Татыбек] санаага чөгүп кеткенин эстей коюп жымырыла түштү (Байтемиров).
5. Төөлөрдү чөгөрүүдө колдонулуучу сөз. Чөк!деп койсо тил билген, Кыска кулак, кара көз, Ийри моюн, айры өркөч (Осмонкул). Чөк, какбаштын төөлөрү! (Бөкөнбаев).
Чөк түшүү же чөк түшүп отуруу — эки тизеси менен буттун башын жерге
тийгизип отуруу, чөгөлөө. [Элдин] кай бирлери сыңар тизелеп, кай бири чөк түшүп отура калышты. (Жантөшев). Көңүл чөгүү же көңүлү чөгүү — капалануу, кайгыруу, жабыр тартуу, жудөө, басынуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: