Меню
Эл-Сөздүк

чык

чык (эттин), чыгы,
чыкка
чык татырбас

чык

чык (туур.) чык-чык,
чык этүү

чык-

чык-, чыгат, чыккан
чыга келүү

чык

I зат. 1. Ным. Кардын чыгы кетер менен жерди айдоо башталат (Байтемиров). Жаздын чыгы менен огородуңду күрөктөп айдап ал (Байтемиров).
2. Этти малып жеш үчүн арналган же туураган этке куюу үчүн мурч, пияз салып атайын даярдалган сорпо. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да, туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду (Каимов). Каныйпа болсо, сатин көйнөгүнүн узун жеңи менен улам бир сүртүп, чыкка пияз тууроо менен алек (Абдумомунов).
чык II: чык -чык туур. Кичирээк көлөмдөгү куралдардын же катуу нерселердин башка бир металлга же катуу нерселерге жеңил урунушунан чыккан кыска дабышты же маятниктин согуусунан чыккан сыяктуу дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Үй тынч. Жарык өчкөн. Саат чык-чык. Терезе бир тарапка кыңыр ачык (Абдыраманов). [Жумагүлдү] фотограф чык эттирип тартып ала койду (Шимеев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: