Меню
Эл-Сөздүк

чеке

чеке
чеке -бел

чеке

чеке (маңдай)
чекеге чертүү (тандоо)
чекеге чыккан чыйкан
(тоскоол)
чекеси жылыбоо (жарыбоо)

чеке

зат. 1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал).
Чекеси жылыбоо — кандайдыр бир нерсеге ыраазы болбоо, жакшылык көрбөө, жарыбай калуу. [Кулбаш] нечен жылдар бою байларда чейрекер болуп жүрүп чекеси жылыбады (Абдукаримов). Кызыл чеке солуу — талашып-тартышуу, кызыраңдашкан абалга жетүү. Кызыл чеке болушуп, Уюштуруп тарапты (Маликов). Кызыл чеке болуп өтүлгөн сабактарды талкуулашасың (Бөкөнбаев). Чекеге чертип туруп — тандап, абдан тандап туруп. Сендей жакын көргөн иниме аялды чекеге чертип жүрүп алып берем (Каимов). Чеке-бели — чет жакасы. Сырдын чеке-белин чыгардым (Жантөшев). Чекесине черте албоо — тие албоо, ура албоо. Чекесине бүткөн — бар болгону, башка жок. Өзү чекеме бүткөн жалгыз ат (Элебаев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: