чатыш I сын. 1. Чиеленишкен, чаташкан. 2. өт. Татаал, чатак, кыйын. Чече албай буулуктуң, Узун ойдун Учу чатыш түрмөгүн (Турусбеков). Чатыш маселе. ЧАТЫШ II этиш. Чырмалышуу, оролушуу, түйүлүшүү, чиеленишүү. Мышык чачып ойногон чарык жиптей чубалжып,.. чатышкандан чатышты (Аалы).