Меню
Эл-Сөздүк

уюлгу

этиш. 1. Бурала айланган абалда болуу, удургуу. Уюлгуп кар жаап, улам бетке урган сайын көңүлдү сергитет (Байтемиров). Анда-санда токой арасынан уюлгуп соккон салкын жел денеге жагымдуу, көңүлгө сүйкүмдүү болуп турат (Жантөшев).
2. Буралып көтөрүлүү, түрмөктөлүп көтөрүлүү. Чок орто ченинде уюлгуган кара түтүн жүлүндөй созулат (Сыдыкбеков).
3. Уюл сыяктанып, бурала тармалданган абалда, көрүнүштө болуу. Чачтары уюлгуп маңдайына түшкөн Сергей да аны аяп кетти (Сыдыкбеков). Береги көк ойдун буудайы уюлгуп ыкканын көрдүң беле? (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: