Меню
Эл-Сөздүк

түш

I зат. Уктап жатып өңүндөгү сыяктуу сезилген элестер. Чочуп Эркекыз көз ачса, түшү экен (Байтемиров). Тооктун түшүнө таруу кирет (макал).
ТҮШ II зат. Күн чыккандан батканга чейинки мезгилдеги убакыттын дал ортосу, болжол менен күндүзгү саат он экиге туура келүүчү убакыт. Түш ооп кеткен мезгил (Абдукаримов). Татыбек эшикке чыккакда күн түш эле (Байтемиров).
ТҮШ III этиш. 1. Жогорудан, тоодон ж. б. төмөн карай багыт алуу, ылдыйлоо. Эртеңден баштап кырманчылардан башка иштөөчүлөр тоодон жакага түшөт (Касымбеков). Машина дагы өйдө чыгып, ылдый түштү (Сасыкбаев). Кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков).
2. Ат үстүндө, транспортто ж. б. отурган абалдан жер баскан абалга, жерде турган абалга өтүү. [Кычан] кунандан ыргып түштү (Бейшеналиев). Келип түштү Солтобай Кулжыгачтын айлына («Олжобай менен Кишимжан»).
3. Транспорттун же башка бир нерсенин ичинен орун алуу. Ак жоолугун делбиретип, жолоочулар түшкөн машинаны узатып турат (Сыдыкбеков).
4. Ажыроо; кулоо; бөлүнүү. Тиш түшкөндө тил калат, Сүйлөй албай балдырап (Токтогул). Күзүндө апорттор топ-топ түшүп турбаса мага келдеди (Сыдыкбеков). Сырыңдын баары түшүптүр, Болгон окшойт бир заман (Токтогул).
5. Башталуу, болуу. Кыш түштү. Суук түштү. Караңгы түштү.
6.Басуу, каптоо. Чүйдүн талаасына боз түшүп турду (Бөкөнбаев).
7. Белгилүү бир деңгээлден төмөнүрөөк абалда болуу. Кыздардын чачтары беш өрүм болуп жаагынан түшүп турса, кандай жарашчу эле (Сыдыкбеков).
8. Кабылуу, капканга, тузакка ж. б. кармалуу, дуушар болуу, туш келүү. Жайган торго чалынып, Торго түштүң, турумтай (Тоголок Молдо). Көп жойлогон түлкү капканга түшпөй койбойт (макал).
9. Тереңдикке, бир нерсенин ичине кирүү; ортосунда, арасында болуу. Ал эми кожоюн жумушка алып, шахтага түшкөндөрдүн чекеси жылыйт дейсиңби (Сасыкбаев). Бир кудайдын эркеси, Жер алдына түшкөнү («Манас»).
10. Изи, тагы калуу, сүрөтү, элеси тартылып калуу. Эки күн илгери.. ушул жылгадан Абдылда жаңы түшкөн аттын изин көргөн (Байтемиров). Көзү өткүр, өмүрү жаш, ою көп, Качан, кайда түшкөн ушул сүрөткө (Нуркамал).
11. Шоола, жарык тийип туруу. [Токтогулдун] маңдайы үзүктүн жыртыгынан түшкөн айдын шооласына туура келди (Аалы).
12. Дарылануу, көрүнүү. Табыпка түшүп айыкчу, Көкүрөктөгү чер эмес («Мендирман»).
13. Күрөш, эңиш сыяктуу кандайдыр бир мелдештерге, оюнга катышуу, беттешүүчү тарап болуп чыгуу. Күрөшкө түшүү. Эңишке түшүү. Улакка түшүү. Оюнга түшүү.
14. Чөмүлүү, киринүү. Сууга түшүү. Көлгө түшүү. Мончого түшүү.
15. Кандайдыр бир абалда болуу, белгилүү бир абалга келүү. Кай бирлери сыңар тизелеп, кай бири чөк түшүп отура калышты (Жантөшев).
16. Ойго, эске, көңүлгө келе калуу. Элемандын сырттандын Эсине түшүп аюусу, Мурутун жулуп калганы («Эр Төштүк»). Ойго түшөт жашчылык, Узун жашап барганда (Осмонкул).
17. Белгилүү бир баасын, канчага тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат. Кымбат түштү. Арзан түштү. Беш сомго түштү.
18. Кыймыл-аракеттин, абалдын ж. б. болуп өткөндүгүн, кокусунан болгондугун, тездигин ж. б. билдирүү же узакка созулгандыгын, бир нече кайталангандыгын билдирүү маанисинде көмөкчү этиш катарында колдонулат. Капысынан үйдүн ичи жарк дей түштү (Убукеев). Мамырды көрүп.. Чолпондун эсине Ракыя кылт эте түштү (Байтемиров). Сүйлө-сүйлө Акы депСүйлөй түш Акы дагы деп («Эр Табылды»).
Козү түшүү к. көз. Сугу түшүү к. сук I. Күнү түшүү к. күн. Алдына түшүү— айыбын, күнөөсүн мойнуна алып, бир нерсе тартуулап же берип кечирим суроо. Колго түшүү — 1) кармалып калуу; 2) туткун болуу. Артынан түшүү — кандайдыр бир киришкен ишинин аягына чыгышына жетишүү, акырына жеткирүүгө аракеттенүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: