Меню
Эл-Сөздүк

тут

I тыт I менен бирдей.
ТУТ II этиш. 1. Кол менен кармоо, кармап алуу. Жолой бекем тутканы, Колун Кошой булкканы («Манас»). «Басмачы туттук» деп жазган катка (Абдыраманов).
2. Кабыл алуу, макул кылуу, кабыл алып, ошол тартипти көз карашты ж. б. сактап жүрүү. Жолборстор тутту буйругун, Баары келди баш ийип («Манас»). Ак падышанын амирин тутуп.. [кен ээси] көп көмүр каздырып берүүгө милдеттенди (Сасыкбаев). Мандикерликке катталгандар муну эсиңерде туткула (Абдукаримов).
3. Пайда боло калуу, кармай түшүү, келе калуу. [Ырайымжандын] бир туруп... жаалы туткансыды (Касымбеков). Кечке маал безгегим тутпасамен да барамын [деди Кулбаш] (Абдукаримов).
4. Белгилүү бир абалда кармоо, сактоо. Демейде жеңил, демейде алга чапма Самар азырынча өзүн токтоо тутту (Таштемиров). Таза тутуп китебин, Күн нурунда көгөргөн (Нуркамал).
5. Башка бир катар сөздөр менен айкалыша келгенде ошондой көрүү, ошондой деп эсептөө маанисин билдирет. Улут айырбай дос тутуп, Жүйүр кылган орустар (Тоголок Молдо). Кызы Сүйүмканды эш тутуп Ажар келди (Жантөшев). Азыр алар Динарды караан туттубу.. койлт төрт мамынын ортосуна үймөлөктөштү (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: