Menü
Эл-Сөздүк

тун

тун (туңгуч)
тун бала

тун-

тун-, тунбай, тунган

тун

I сын. Эн, биринчи, алгачкы, туңгуч. Энем тунун кыз төрөптүр (Сыдыкбеков). Алыбектин тун баласы быйыл жыйырма алтыда (Аалы).
ТУН II этиш. 1. Суунун же суюктуктун ичиндеги заттары түбүнө чөгүп, тунук түскө айлануу, туптунук болуу. Ал жерде суу туна турган көлмө бар (Абдукаримов). Турунанын тунук көл, Ого бетер тунду дейт («Семетей)». Суу башынан тунат (макал).
2. өт. Кең-кесири, мол, жетиштүү болуу, жыргап калуу, марып калуу, карк болуу. Мен ыйлабайм, капа тартып турганда, мен кубанбайм, бак дөөлөткө тунганда (Осмонов). Жер соорусу турбайбы, Жердесе калкым тунбайбы (Каралаев). Кымызга тунду. Олжого тунду.
3. Тунаруу, тунарыктоо. Паровоз өтүп жатат убап-чубап, Тиктесең чамаң келбей көзүң тунат (Турусбеков).
Кулак тунуу — ызы-чуу, калдыр-күлдүр, тарс-турс эткен добуштан кулак жаңыруу, жаңырыктоо, укпай калуу. Залдын ичи көчүп, кулак тунду да калды (Сасыкбаев). Күркүрөп жаткан дайранын, Кулагың тунат шарына (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: