Меню
Эл-Сөздүк

тарых

зат. 1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын закондору. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков).
  1. 2.                  Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы.
  2. 3.                  Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. СССР элдеринин тарыхы. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы.
  3. 4.                  Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы.
  4. 5.                  Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы; алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү Маалим болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалим (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: