Menü
Эл-Сөздүк

тара-

тара-

тара-

тара- (тарап кет)

тара

тара (ящик, мешок)

тара

I зат. Ташылуучу же сакталуучу товарлар салына турган ар кандай нерселер (ящик, бочка, мешок ж. б.).
ТАРА II этиш. 1. Чачтын, кылдын ж. б. чачышын, уйпаланганын кетирүү, тегиздөө үчүн тарак менен сыдыруу. Кундуздай кара чачтарын Кубултуп өрүп тараган (Осмонкул). Ызааттап алик алгандай Сакалын сылап тарады (Жантөшев).
  1. 2.                  Тарам-тарам кылуу, тарам-тарам кылып сыйдалоо. Тарамыш тарап отурган кемпир.
  2. 3.                  Туш-тушка бөлүнүп, бириндеп кетүү, бытыроо. Отургандар үйлөрүнө тарашты (Жантөшев). Тарап жылдыз суюлуп, Таң жарылып кашкайып (Осмонкул).
  3. 4.                  Жайылуу, белгилүү болуу. Анын Москвага бара тургандыгы небак тараптыр (Байтемиров). Өлкөбүзгө тарады, Том-том болгон жыйнагы (Осмонкул).
  4. 5.                  Жоюлуу, жок болуу, мурдагы калыбына келүү. Ачуусу тарады. Масы тарады. Шишик тарады.
  5. 6.                  Бир негизден, тукумдан бөлүнүп, таралып чыгуу. Орозойдон тараган Кара мүртөз Жакып хан («Манас»). Бир тукумдан тараган ага-инилүү туугандар.

Бойго тароо — жеген-ичкени организмге сиңүү, аш болуу. Ичкен кымыз бойго тарады (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: