Меню
Эл-Сөздүк

сунал

этиш. 1. Буту-колу сунулган, бой керген, созулган абалда болуу, ушундай абалда жатуу. Алдейлечү жаш Эшимдин энеси Тилсиз гана жата берди суналып (Аалы). Арышка арыш уланып, Кийиктей ыргыйт суналып (Аалы).
2. Керилип, созулуп жаткан абалда көрүнүү, ушундай абалда болуу. Кең мейкин мына суналган, Чер жазып, көргөн кубанган (Аалы). Суналган кең талаа.
3. Бойлуу, келишимдүү, керилген көрүнүштө болуу, сындуу болуп көрүнүү. Суналган жигит. Суналган кыз. Суналган мыкты жорго.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: