Меню
Эл-Сөздүк

орун

орун, орду, ордуна, орунга
орду жок
орду-түбү
орун ал-
орун алмаштыруу
орун алуу
орун багыныңкы сүйлөм (лингв.)
орун басар (орунбасар
эмес)
орун бышыктооч (лингв.)
орун майлоо
орун-очок
орун тактооч
орун-төшөк

орун

зат. 1. Бир нерсени коё турган, отура турган ж. б. жай. Тиги кишиге ушул арадан орун беришсек кантет (Сыдыкбеков).
2. өт. Кызмат, ээлеп турган кызматы, кызмат абалы. Ордунан алынды. Ордуна жаңы киши дайындалды.
Орду жок — жөнү жок, ылайыгы жок, дайынсыз. Орду жок сүйлөө. Орду жок сөз. Орун алуу 1) орунтуктоо, орунтук алуу, жайгашуу; 2) бар болуу. Орун алган кемчиликтер. Ордунан чыгуу — тилегендей болуу, орундалуу, жөндүү болуу, оң болуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: