Меню
Эл-Сөздүк

оймок

оймок, оймогу, оймокко
оймок баш
оймок бооч
оймок бооч салуу
оймок ооз

оймок

зат. Шакек сымалдуу, төгөрөк таман салынган жагы сөөмөйдүн ич жагына келтирилген, тигүүдө ийненин түбү колго өтпөс үчүн колдонулуучу буюм. [Айымжандын] оймогу сөөмөйүндө жүрөт (Сыдыкбеков). Сайма түргөп, салаага оймок кыстарган (Аалы).
Жез оймок — ишмер аял, колунан көөрү төгүлгөн уз. Жез оймок аял өзү эле, Сарамжал менен үй кармап, Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Оймок ооз — оозу кичинекей (көбүнчө кыздарга, алардын сулуулук сапатына карата айтылат. Ордунан турду буралып, Оймок ооз, калем каш («Курманбек»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: