-
найза
-
зат. 1. Узундугу 2—3 кулач таяктын башына учтуу темир ашталып, сайышта колдонулуучу баатырлардын, жоокерлердин жоо жарагы, куралы. Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Найза саймак — эрдиктен, ат жоорутмак — тердиктен (макал).
2. Кирпинин, чүткордун денесиндеги ийне сыяктуу учтуу үлүгү. Кирпинин найзасы.
3. Карта оюнунда: туздан кийинки, таажы кийген чалдын сүрөтү тартылган карта жана анын аталышы, төрө. Момундун найзасы.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
найза