Меню
Эл-Сөздүк

маңдай

маңдай, маңдайы
маңдай бети
маңдай булчуңу
маңдай дөмпөгү, чеке
маңдай жылытарлык
маңдай көндөйлөрү, ко булдары (мед.)
маңдай рефлектору (мед.)
маңдай сөөгү кайкы
(бактысыз)
маңдай сөөгүнүн урчу гу (мед.)
маңдай сөөк кобулу (мед.)
маңдай тери
маңдай тери кайтуу
маңдай-тескей
маңдай шамы, чырагы
маңдай эмгеги (бөбөктүн)
маңдайга бүткөн
маңдайга жазганды кө рүү
маңдайга жазуу
маңдайга жазылган
маңдайы ачык
маңдайы жарык
маңдайы жарылуу
маңдайы жылыбоо
маңдайы тайкы
маңдайына жазуу
маңдайына сыйбоо

маңдай

зат. 1. Баш сөөктүн каштан жогорку чачка чейинки бөлүгү, чеке. Жалындуу илебине чыдай албай, Жалбарып маңдайыңдан өбөр элем (Аалы). Жоголуп кетсе белгилүү маңдайында агы бар (Токтогул).
2. Бет алды тарап, бет жак, өзү турган жерден алганда каршы жагы. Ал маңдайдагы зоонун чокусун карап калды (Абдукаримов). Суунун аркы маңдайында.. кырманчылар от жагышып, көжөсүн кайнатууда (Айтматов).
3. Тагдыр жазмыш. Ажалдуубуз өлөрбүз, маңдайга жазса көрөрбүз («Сейтек»).
Теке маңдай — дал бет алды, тушу. Жапар телеграфтын теке маңдайына эс алды (Баялинов). Маңдай-тескей — бетме-бет. Маңдай-тескей төрүнө, Малчынын көрдүм жайлашын (Осмонкул). Биз бир жак, алар бир жак болуп маңдай-тескей турабыз.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: