КӨЗӨӨЧ Устачылыктын куралы. Чеберлер металлды, сөөктү, мүйүздү теше турган бургу сыяктуу аспаптарды өзүлөрү жасап алышкан. Анын жердиги кара курч темирден тандалып, көбүнчө сабы темирден болот.
көзөөч зат. Бир нерсени көзөш, тешиш үчүн колдонулуучу курал. Асандын искене, ийди, көзөөч ж. б. куралдары бар.