Меню
Эл-Сөздүк

күүгүм

күүгүм
күүгүм талаш
күүгүм туман

күүгүм

зат. 1. Күн баткандан кийинки, түн киргенге чейинки караңгы түшө баштаган мезгил; каш карайып, көз байланып калган кез. Күн тегиз батып, күүгүм кирди (Байтемиров). Асман киргилт түскө келип, бара-бара күүгүм кирди (Абдукаримов).
2. Болор-болбос гана жарык, ачык эмес, даана эмес, күңүрт. Столдогу лампочкадан түшкөн кубатсыз шооладан үй ичи күүгүм тартып турду (Ала-Тоо»).
¨ Күүгүм талаш же күүгүм бараң — күүгүм боло баштаган, көп караңгы түшө элек кез. Чуу күүгүм талаштагы токой арасынын тынчтыгын бузду (Жантөшев). Нурбай таң сүрө жөнөйт да, кайра күүгүм бараңда араң келет (Баялинов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: