Menu
Эл-Сөздүк

күт

этиш. 1. Келет деп же кандайдыр бир аракет, окуя, жооп, уруксат ж. б. болот деп токтой туруу, күйө туруу, аярдап тура туруу. Жылдызкан.. тигилердин турушун чыдамсыздык менен күттү (Байтемиров). [Ракыя] энеси менен атасынын берер жообун күттү (Байтемиров).
  1. 2.                  Болот деген ишеничте, ойдо, үмүттө болуу. Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы, Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн (Аалы). Чегиртке бүгүн Акмандын оозунан мындай жоопту угамын деп күткөн эмес (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Тосуп алуу, каршы алуу, барктап сый көрсөтүү. Кадырлап жакшы күтпөсө, Каргадай болгон жалгыздын Канын суудай чачамын («Эр Табылды»). Конок күтүп, кубанабыз той берип (Нуркамал). Улуу Октябрь элге берген таалай бак, Адал иштеп таалайды күт жакшылап (Шүкүрбеков).
  3. 4.                  Өзүндө бар же өз карамагындагы малдын, нерсенин ж. б. камын көрүү, багып-кароо, кармай билүү. Чарбанын күчү болобу Жемдеп, чөптөп күтпөсө (Осмонкул).
  4. 5.                  Ээ болуу, кармоо, сактоо; бар болуу. Ак ниеттүү жылкычы, эмгегинен мал күткөн (Акаев). Короо, үй күтүп не керек, Курбуң басып кирбесе (Осмонкул). [Батиш] кээде кара таштай мелтиреп мүнөз күткөн кыз (Сыдыкбеков). Шаанилүү сөөлөт күткөн эркин элим, Кубанып, жаңы жылың куттуктаймын (Бөкөнбаев).

¨ Күтпөгөн жерден — ойлобогон жерден, байкоосуздан, кокусунан. Мен үчүн күтпөгөн жерден бактынын кени чыккандай болду (Аалы). Күтпөгөн жерден жолугуп, Чочуп кетти Каныш да (Жантөшев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: