Меню
Эл-Сөздүк

күл

күл (оттуку)
күл ала болуу
күл чачар

күл

күл (оору)

күл

күл: күл азык, күл куржун

күл

I зат. Заттын күйүп бүткөндөн кийинки калдыгы. [Бүбүш] кемегедеги күлдү оодарыштырды, бирок от тапканы жок («Ала-Тоо»).
¨ Күлү додо болбоо — бир жерге байыр албоо, турук албай көчүп жүрүү. Күйбөгөн жери күл болуу — чычалоо, ыза болуу, жаны ачуу, жаны кашаюу. Назгүлдүн сөзүн укканда, Шариптин күйбөгөн жери күл болду (Бейшеналиев). Күл ала болуу — боз ала болуу, ындыны өчүү, шагы сынуу. Жанатадан бери сүйүнгөнүмдү кара, күл ала болуп сумсайганымды кара (Байтемиров). Силердин күл алаңарга калтырды го түбөлүк (Сыдыкбеков). Күл азык к. азык.
КҮЛ II зат. Карт-карт болуп жунун жыдытып жиберүүчү койлордун тери оорусу.
КҮЛ III туурасы: гүл.
КҮЛ IV этиш. Каткыруу, кыткылыктоо. Азамат болсоң, жаш балдар, Жаман ишке күлбөгүн (Токтогул). Насип баягы Каныш энени үнүнөн тааныды да, күлүп жиберди (Таштемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: