Меню
Эл-Сөздүк

КЫЯЛ

а) Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө узануу менен уздануудагы чыгармачылыктын жогорку чеги. Ал — ар бир устанын жана уздун бири-бирине анча коошпогон өздүк көркөм оюм-чийим жаратуудагы жекече мамилесинин натыйжасы. б) Айрым атактуу чеберлердиң аттары кошо айтылган көркөм оюмдары менен көчөттөрү. Мисалы: «Салбай оюм», «Садыбакас оюм», «Маркатай оюм», «Садык оюм»..., «Шакен оюм», «Алтын оюм», «Макен оюм», «Күлүшары оюм». в) Элдик сыналган көркөм оюмдун жана көчөттүн жалпы аталышы.

кыял

кыял
кыял-жорук
кыял-көңүл
кыял-көөн
кыял күтүү
кыял-мүнөз

кыял

зат. 1. Ойлогон ой; тилек кылган, эңсеген ой; фантазия. Ташыган дарыядай кыял чиркин, Отуруп ойго кеттим түркүн-түркүн (Бөкөнбаев). Таттуу кыялына алданган Зарыл.. арыкты бойлой басты (Сыдыкбеков). Коммунизмалыскы кыял эмес («Коммунист»).
  1. 2.           Мүнөз. Жинди кыял көпкөн эр, Жатып ойноп бүткөн эр («Семетей»).
  2. 3.           Оюунун бир түрү. Үзүк менен жабык баш, Баарысын кыял ойдурган (Тоголок Молдо). Кыл кыял чаап чийдирген, Чагарагын алтын сомдогон («Манас»).

Жылкы кыял —мүнөзү терс, тумшугу менен бир тийген, чырт дей түшмө.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: