Найдены по другим направлениям
-
кыйма
-
I зат. Туюк шишип чыгуучу жара, шишик. Колуна кыйма чыгыптыр.
КЫЙМА II сын. Кыйылган, кыйылып жасалган, кыйылгандай. Кара чепкен, кыйма тон, Кийген Током келген бейм? (Токтогул). Кылычың боосу кыйма боз (Тоголок Молдо).
♦ Кыйма-чийме — ийме-чийме, ары-бери кесип өтүшкөн; чатышкан. Жол бою аркы-терки, кыйма-чийме, Уюгун кумурсканын ойго салат (Шүкүрбеков). Кыл кыйма — 1) өтө курч; 2) аялдар «каман» маанисинде тергеген сөз.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кыйма