Меню
Эл-Сөздүк

кыз

кыз
кыз бурак
кыз-жигит
кыз качыруу (этн.)
кыз-келин
кыз куумай
кыз-кыркын
кыз кыялдуу
кыз кыялы калбоо
кыз оюн
кыз талак
кыз теке (эркек)
кыз сыны
кыз сыры
кыздын баласындай

кыз

зат.. 1. Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы; ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам. Машинада.. бара жаткан инженер.. Лиза аттуу кызын эсине түшүрүп, терең күрсүндү (Сасыкбаев). Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз (Осмонов). Сабак убактысы кандай өткөнүн кыздар сезбей да калды (Сасыкбаев). Жигит менен кыздарга жээгинде ойнор көл жакшы (Жантөшев).
2. Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата атоо катары колдонуучу сөзү.
Кыз-кыркын — ата-эненин же туугандарынын турмушка чыккан же турмушка чыга элек кыздарына айтылуучу жалпы сөз; жалпы эле кыз-келиндер. Он киши он жердеги сөөк-тамыр, кыз-кыркындарына чабаганчы кетти (Жантөшев). Кыз оюн — кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачышуучу оюн-тамаша. Кыз оюндарда Токтогулдун ыры жаштарды өзүнө тартты (Бөкөнбаев). Кыз куумай — белгилүү бир чекке чейин ат минип качкан кызды же колуктусун жигит кууп жетүү негизги шарты болгон улуттук оюн. Кыз теке к. теке. Кары кыз — нымдуу жерде өсүүчү майда көк гүлдүү өсүмдүк жана анын жабышкак уругу. Анын эскирген трайке шымынын багалегин кары кыз ширеп, мойнунан тери жылтылдайт (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: