-
куурай
-
зат. Жетилгенде, куураганда сөңгөгү катуу болуп калуучу жана көбүнчө отун катарында колдонулуучу өсүмдүктөрдүн жалпы аты. [Эне] бастырманып үстүнө чөптөн, куурайдан калыңыраак салыңыз (Аалы). Ак шумкар торго чырмалса, Ак куурай башы ыргалса (Үсөнбаев).
¨ Кара куурай — кабыгынан була алына турган атайы айдалуучу техникалык өсүмдүк. Кара куурай, кенаф айдалса, колхоздун чарбачылыгын гана көтөрөт (Шимеев). Куурай башын сындырбоо — эч жумуш кылбоо, эч жумушка кол тийгизбөө. Куурайдай болуу — абдан арыктоо, ичкерүү.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
куурай